Экзистенциализм

Wikipedia дан

Экзистенциализм (лат. existentio, фр. existentialisme – бар болуу, жашоо) – 20-кылымда батыш философиясында антропологиялык өңүттө өнүккөн таасирдүү багыттардын бири. Анын борборунда жашоонун маңызы, жекече эркиндик, жоопкерчилик жонундөгү көйгөйлөр турат. Белгилүү өкүлдөрүнө М. Хайдеггер, К. Ясперс, Ж. П. Сартр, А. Камю, Г. Марсель, М. Бубер ж. б. кирет.

20–30-ж. калыптана баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде жана андан кийин ал батыш интеллигенциясынын, өзгөчө гуманитардык интеллигенциянын маанайына зор таасир тийгизген. Анын идеялары адабият менен искусствого кирген.

Экзистенциализмдин рухий башаты Э. Гуссерлдин «жашоо философиясы» менен феноменологиясында жатат. Ошону менен бирге эле мында батыш жана орус маданиятынын кыйла кеңири таасирин да эске алуу зарыл: айрым экзистенциалисттер (Ж. П. Сартр, А. Камю ж. б.). бекеринен Г. Мелвилл, М. Пруст, Ф. Достоевский, Л. Толстой, А. Чехов, Н. Бердяев, Л. Шестовду өздөрүнүн жол көрсөтүүчүлөрү деп аташкан эмес.

Экзистенциализмдин түйүндүү түшүнүгү – бар болуу, жашоо же «экзистенция». Экзистенциалисттер «болмуш» менен «бар болууну» айырмалай карашат: «болмуш» адамды курчаган табигый жана социалдык дүйнөгө, ал эми «бар болуу» – адамдын ички дүйнөсүнө, анын жекече «менине» тийиштүү нерсе катары каралат.

Адам айрым алынган индивид катары «буюмдар» менен «башка» адамдардын дүйнөсүнө, кайдыгер, атүгүл катаал, өзүнүн «купуялыгынан улам» түшүнүүгө мүмкүн болбогон дүйнөгө «ыргытып ташталган» (М. Хайдеггер), ой жүгүрткөн жана кыйналып азап чеккен макулук. Дүйнө индивидуалдуулукту кысып, анын жалпы өзүнчөлүгү жок болмуштун бир бөлүгүнө айландырууга умтулат. Бул адамды жалгыздык, кооптонуу, коркунуч, убайым сезимдерине алып келет. «Бар болуу» – бул адамдын дүйнө менен болгон алакасынан улам келип чыккан толгонууларга бай жекече турмушу.

Экинчи жагынан «бар болууну» экзистенциалисттер туруктуу «экзистациялоо» (М. Хайдеггер), «чектин сыртына чыгуу» деп түшүнүшөт. Муну Хайдеггер «кам көрүү», б. а. «алдын ала акмалоо» деп, ал эми Сартр – инсандын өз «долбоорун» жүзөгө ашыруусу деп түшүндүрүшөт. (Экзистенциализмдин: бар болуу маңыздан мурда болот деген маанилүү жобосун дал ушундай мааниде түшүнүү керек). Дал мына ошондуктан экзистенциалисттер эркиндикти адамдын жашоодо бар болушунун фундаменталдуу мүнөздөмөсү деп карашат. Бирок «бар болуу», «чыныгы» жана «чыныгы эмес» болушу мүмкүн.

Адатта адам көнүмүш, «чыныгы эмес» турмушта жашайт, ал өзүнчөлүгү жок болмуштун жетегинде жүрөт (аны М. Хайдеггер «тап» деген термин менен атайт), ал субъект эмес, «башкалардын» иш-аракети менен чечимдеринин гана объектиси болот. Бирок, качан гана көнүмүш жашоодон ажырап (ооруп, жакындардан айрылып, өлүмдөн коркуп) өзгөчө бир «айкындык ачылган» учурда адамдын буга чейин жашаган жашоосунун «чындык эместиги ага дайын болот. Мына ошондо гана адам өзүнүн жашоосу өлүмдү – беттеп – болмуш экендигин жана өзүнүн дүйнө алдында жалгыз экендигин түшүнөт. Анын алдында: «эмне үчүн жашоо керек?» жана «кантип жашоо керек?» деген суроолор коюлат. Аларга жооп берүүдө адам өзүнүн ички асылдыктарына кайрылышы керек, бул – анын эркин жана жоопкерчиликтүү инсан катары калыптануусунун негизги шарты болуп саналат.

Экзистенциализм жаңы европа философиясынын рационалисттик салттарына кескин кайчы пикирде: ал акыл-эсти, илим менен техниканы дүйнөнү таанып-билүүнүн каражаты эмес, адамды эзүүнүн каражаты катары көрүү менен аларды кескин түрдө сынга алат. Дүйнөнүн турпатын илимий ой-жүгүртүүнүн жол-жоболору эмес, искусстводо, аңыздарда, түздөн-түз толгонууларда катылган мүмкүнчүлүктөр так туюнта билүүгө жөндөмдүү келет.

Экзистенциялык философиялык ой жүгүртүү методу философия, методология, искусство, адабият, мораль, дин, күндөлүк аң-сезим тажрыйбасынын өзүнчө бир синтези болуп калды. Ошондуктан философ – эзистенциалисттердин арасында жазуучулардын драматургдардын, эссенсттердин болушу кокустук эмес (Ж. П. Сартр, А. Камю, Г. Марсель).

Экзистенциализм инсандын коомдон, тарыхтан кыйла жатыркоосун, акыл-эске, кудайдын орноткон «дүйнөлүк тартибине», инсан менен коомдун ортосундагы шайкештикке болгон ишенимдин жоголгондугун айкындады.