Өңдөгүч заттар

Википедия дан

Өңдөгүч заттар - булгаары менен терини малмага салууда, ашатууда, өңдөп ийлөөдө колдонулуучу заттар.

Өңдөгүч заттар минералдык жанa органикалык болуп бөлүнөт. Минералдык Өңдөгүч заттарга алюмпнпй, цирконий, кремний, темир жан башкалардын бирикмелери кирет. Булардын көбү — күкүрт кислотасынын туздары. Анын ичинен хромдун бирикмелери Өңдөгүч заттар катары кеңири колдонулат.

Органикалык Өңдөгүч заттар жаныбарлар, өсүмдүктөр, жасалма жанa синтетикалык болуп бөлүнөт. Органикалык Өңдөгүч заттар теринин ысыкка чыдамдуулугун жанa бышыктыгын жогорулатат. ЖаныбарларӨңдөгүч заттарына балыктар менен деңиз жаныбарлардын майы, ал эми өсүмдүк Өңдөгүч заттарына анын составындагы танниндер кирет. Жасалма Өңдөгүч заттар катары сульфитцеллюлоза экстракттары, ал эми синтет. Өңдөгүч заттар катары фенол жанa андан алынган нафтолдов. сульфондор, лигносульфон кислоталары. формалин, мочевина жана башка органикалык бирикмелер колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.