17-ноябрь
Wikipedia дан
| Октябрь – Ноябрь – Декабрь | ||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
| 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
| 29 | 30 | 31 | ||||
Эл аралык студенттер күнү
Кыргызстан [оңдоо]
- 1924-жылы: Абдыкерим Сыдыков жаңыдан уюшулган Кара-кыргыз автономиялык облустук жетекчилигинин тапшырмасы менен Москвага сапар тарткан.
- 1932-жылы: Ленинград шаардык Кеңеши Кыргыз АССРин шефтикке алуу туурасында чечим чыгарган.
- 1947-жылы: "Союзкинохроника" Ташкен студиясынын Фрунзе шаарындагы корреспонденттик пунктунан Кыргыз ССРинин Эл Комиссарларынын Кеңешинин токтому менен Фрунзе кинохроника студиясы түзүлгөн.
- 2008-жылы: Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы болуп турган Ишенбай Кадырбековго кылмыш иши козголгон. Аны бюджетке 18 миллион сом зыян келтирген деп айыпташкан.
- 2008-жылы: Лимит көзөмөлгө алынбай калгандыктан, эми өлкөнүн борбору Бишкек шаарынын тургундарына да маал-маалы менен жарык өчүрүлө башталган.
- 2010-жылы: Спорт сарайында Апрель окуясы боюнча эң ызы-чуулуу соттук процесске старт берилген.
17-ноябрь Кыргыз киносу 69 жылдык мааракесин белгилейт
Дүйнө [оңдоо]
- 1558-жылы: Тарыхта Кандуу Мария деп жазылып калган Англиянын ханышасы Мария I Тюдор каза тапкан. Анын тушунда көптөгөн өлүмгө буюрулган өкүмдөр аткарылып, анын каза тапкан күнү улуттук майрам катары белгиленет.
- 1749-жылы: Консерваны ойлоп тапкан француз окумуштуусу Франсуа Аппер жарык дүйнөгө келген.
- 1796-жылы: Орус ханышасы (1762-1796-ж.ж.) Екатерина II көз жумган
- 1855-жылы: Окумуштуу Дэвид Ливингстон европалыктардын ичинен биринчи болуп, Африканын Замбези дарыясындагы бийиктиги 120 метр шаркыратманы көрүп, аны ханыша Викториянын урматына атайт.
- 1869-жылы: Кеме жүрүү үчүн Суэц каналы ачылган.
- 1906-жылы: Атактуу компаниянын негиздөөчүсү, япониялык инженер Соитиро Хонда туулган.
- 1917-жылы: Француз скульптору Огюст Роден көз жумган.
- 1959-жылы: Түштүк африкалык “Де Бирс” компаниясы жасалма алмаз өндүрүшүн баштаган.
- 1966-жылы: Эң чоң метеорит жааны катталып, анда Леонид тобунун метеорлору асмандан куюлган жылдыздардай болуп көрүнгөн.