Internet Explorer

Википедия дан
Internet Explorer
Кыскача маалымат
Түрү Веб-барактагыч
Өндүрүүчү Microsoft
Программалоо тили C++
ОС Windows иштетүү тутумдары
Биринчи чыгарылышы 1992-жыл
Платформа x86/x64
Акыркы версиясы 9.0.9 (15 Август 2011)
Тили Көп тилдүү
Абалы Активдүү түрдө өндүрүлүүдө
Лицензия
Расмий баракча microsoft.com/windows/internet-explorer

Windows Internet Explorer же жөн эле Internet Explorer (кырскартылган түрү MSIE же IE) — Microsoft компаниясы иштеп чыгарган веб-барактагыч. Windows иштетүү системдеринин курамына кирген жана анын бир бөлүгү болуп саналат. Internet Explorer пакети электрондук почто жана телеконференциялар менен түздөн түз же Microsoft Outlook Express пакети аркылуу иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Интернет аркылуу телефон байланышын колдойт жана видео-аудио файлдарын иштетүү каралган.[1]


1999-жылдан бери колдонуучулардын саны боюнча дүйнөдө эң көп колдонулган веб-барактагыч болуп келген. Эң жогорку чегине 95% пайыз менен 2002-2003 жылдары жеткен. Акыркы мезгилде Mozilla Firefox, Google Chrome, Safari, Opera сыяктуу браузерлер күпүлдөп өсүп, интернет мейкиндигиндеги анын үлүшү улам азайып баратканы байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Бримкулов Archived 2016-06-02 at the Wayback Machine, А.Өмүралиев, В.Бабак. Компьютер жана интернет. Энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. БИШКЕК - 2004.
  1. Интернет Эксплорер Орнотуулар