Ninety One

Википедия дан

Ninety One же 91 (/ˈnaɪnti wʌn/, каз. Тоқсан бір, кырг. Токсон бир) — казакстандык бойбэнд, 2015-жылы 1-сентябрда JUZ Entertainment агенттиги аркылуу дебют кылган топ. Топтун курамына A.Z. (Азамат Зенкаев), ALEM (Батырxан Маликов), ACE (Азамат Ашмакын), ZAQ (Дулат Мухаметкалиев) и BALA (Данияр Кулумшин) аттуу жигиттер кирет. Топтун продюсери — казакстандык музыкалык Ордо тобунун катышуучусу Эрболот Беделхан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жыл. Дебют[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ninety One тобу 2014-жылы өткөн K-Top Idols долбоорунун негизинде KTI-boys деген аталыш менен курулган. ZAQ менен A.Z бул долбоордун жеңичүүлөрү болгон, ал эми ALEM менен BALA топко кастинг аркылуу кошулган. ACE SM Entertainment агенттигинде 2,5 жыл стажер болуп өткөндөн кийин топко кошулган. KTI-boys 1,5 жыл бою татаал даярдоодон өтүп, 2015-жылдын 1-сентябрында Ninety One аталышы менен алгачкы "Айыптама" (кырг. Айыптаба) синглын жарыкка чыгарган. Ошол эле жылдын 8-октябрында ушул ырга видеоклип тарттырылып, эл назарына сунушталды. Клип Gakku TV каналынын Top-10 хит-парадында 20 апта бою эң мыкты аталып, 31-март күнү топко Gakku TV каналынын атайын сыйлыгы тапшырылган. 2015-жылдын 1-декабрында топтун «Айыптама» аттуу дебют болгон мини-альбому жарык көргөн. Альбомдун презентациясы 1-декабрында Алма-Ата шаарында өтсө, 8-декабрында Астана шаарында «Хан Шатыр» оюн-зоок борборунда өткөн.

2016-жыл. Кайтадан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылдын 3-февралында Ninety One тобунун «Айыптама» альбому iTunes медиаплеерине киргизилген. 2016-жылдын 2-июнунда Алма-Ата шаарында топтун «Қайтадан» (кырг. Кайтадан) ырына кезектеги видеоклиби жарыкка чыккан, ал 5-июнь күнү Астана шаарында клиптин тушоо кесүүсү өткөн. Бул видеоклип да Gakku TV каналынын Top-10 хит-парадында 20 апта бою 1 орунда туруп, кезектеги «Gakku Top Ten» атайын сыйлыгына ээ болгон. 2016-жылдын 4-сентябрында Астанада, ал эми 24-сентябрь күнү Алма-Атада чыгармачылыгына 1 жыл толгонуна карата жеке концерттерин берген.

2017-жыл. Караңгы жарык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылдын 1-майында төрт айлык тыныгуудан кийин топ «QARANGY ZHARYQ» (кырг. Караңгы жарык) аттуу жаңы толук альбомуна кирген «Su asty» (кырг. Суу асты) ырына тартылган видеоклиби менен сахнага кайрадан кайтты. Ырдын тушоосу НТК телеканалында кесилди. «QARANGY ZHARYQ» альбомынун алгашкы бөлүмүнүн тушоо кесеринде жигиттер аталган альбом беш кичи-альбомдон турардыгын жана ар бир альбомго эки ыр киргендигин айтышкан. Ошону менен катар альбомдун ичинде Казакстандагы алгачкы комикс - пайым («paiym») жарыкка чыккан. Пайым аталышы - Su Asty Corporation.

Ошондой эле 2017-жылы «Yeski taspa bii'» (кырг. Эски тасма бийи), «Bayau» (кырг. Баёо), «MOOZ» (кырг. Муз), «Ah!Yah!Mah!» (кырг. Аяба) ырларына видеоклиптер чыккан.

2018-жыл - азыркы убак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылы 25-июньда «E.YEAH» ыры жана клиби чыккан. Ал эми 29-июльда «ALL I NEED» ыры чыгып, 8-августта клиби чыккан.

Топтун аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач топтун аталышы KTI-boys болгон. Кийин 91-ге өзгөрүлдү. Топтун "NINETY ONE" деп аталышы топ мүчөлөрү Казакстан Республикасынын 1991-жылы алынган көз карансыздыгы катары түшүндүрөт. Топ бул менен өздөрүн да, өз музыкасынын, стилинин көз карандысыз экенин көрсөткүсү келет.

Телевидение жана кино[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«91» тасмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы 24-августта бойбэнддин чыгармачылыгы жана тарыхы тууралуу «91» аттуу тасма жарыкка чыккан. Тасманын режиссёру — Аскар Узабаев, продюсерлери — Асель Садвакасова и Эрболот Беделхан.

«Кагаз кеме» сериалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ninety One тобунун продюсери Эрболот Беделхан «Қағаз кеме» (кырг. Кагаз кеме) аттуу мотивациялаган сериалга режиссер болгон. Премьерасы 2017-жылы 30-октябрьда «НТК» телеканалында болгон.

Реалити-шоу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылдын 19-февралында «НТК» телеканалында «91» реалити-шоусу башталган.

Фандом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Топтун фандому — «EagleZ». «EagleZ» англис тилинен которгондо "бүркүттөр" дегенди билдирет. Бул аталыш топтун аталышы менен тыгыз байланышат. Топ мүчөлөрү күйөрмандарын эркин, бийиктеги бүркүткө теңейт. Жигиттер өздөрүнүн таланты менен Казакстанда гана эмес, Орусия, Украина, Улуу Британия, Түркия, Түштүк Корея, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Кытай жана башка мамлекеттерде белгилүү болуп, EagleZ'дын саны көбөйүүдө. Чет элдик күйөрмандары видеоклиптерине жана башка видеолоруна реакция тартып, социалдык тармактарга киргизишет.

Мүчөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лакап аты Чын аты Туулган күнү Туулган жери Топтогу орду
Кыргызча Казакча
A.Z. (ЭйЗи) Азамат Байболот уулу Зенкаев Азамат Байболатұлы Зенкаев 28-сентябрь 1993 Казакстан желеги Казакстан, Атырау Топтун башчысы, алдыңкы рэпер
ALEM (Але́м) Батырхан Абай уулу Малик Батырхан Абайұлы Мәлік 18-февраль 1993 Өзбекстан желеги Өзбекстан, Үч-Кудук Вокалист, топтун улуусу
ACE (Эйс) Азамат Кайрат уулу Ашмакын Азамат Қайратұлы Ашмақын 29-август 1993 Казакстан желеги Казакстан, Алма-Ата Вокалист, алдыңкы бийчи,топтун жүзү
ZaQ (Зак) Дөөлөт Болот уулу Мухаметкалиев Дулат Болатұлы Мұхаметқалиев 8-февраль 1996 Казакстан желеги Казакстан, Семей Башкы бийчи, башкы рэпер
BALA (Балá) Данияр Акылбай уулу Кулумша Данияр Ақылбайұлы Құлымша 19-февраль 1998 Казакстан желеги Казакстан, Актөбө Башкы вокалист, топтун кенжеси

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырдын аталышы Чыккан күнү Альбом
Асыл нуска аталышы Кыргызча аталышы
Айыптама Айыптаба 01.09.2015 «Айыптама»
Кайтадан Кайтадан 26.01.2016 «Айыптама»
Қалай Қарайсың? Кандай карайсың? 10.02.2016 «Айыптама»
Қайырлы түн Бейпил түн «Айыптама»
Ұмытпа Унутпа 18.03.2016 «Айыптама»
Su asty Суу асты 01.05.2017 «Qarangy Zharyq»
Yeski taspa bii Эски тасма бийи 05.06.2017 «Qarangy Zharyq»
Bugingi kun Бүгүнкү күн «Qarangy Zharyq»
Bayau Баёо 10.07.2017 «Qarangy Zharyq»
M.B.B.A.B.B.D
(Махаббат бар бұл әлемде бақытты бол деген)
M.B.B.A.B.B.D
(Махабат бар бул ааламда бактылуу бол деген)
«Qarangy Zharyq»
Mooz Муз 21.08.2017 «Qarangy Zharyq»
У Уу «Qarangy Zharyq»
Ah!Yah!Mah! Аяба 31.12.2017 «Qarangy Zharyq»
Sau Сак «Qarangy Zharyq»
E.YEAH(Ие) Ээ 25.06.2018 «Dopamine»
All i need Ал айныйт 29.07.2018 «Dopamine»

Видеографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клиптин аталышы Чыккан күнү
1. Айыптама 8.10.2015
2. Қайтадан 02.06.2016
3. Қалай қарайсың? 12.12.2016
4. Su Asty 01.05.2017
5. Yeski Taspa Bii' 05.06.2017
6. Bayau 10.07.2017
7. Mooz 21.08.2017
8 Ah!Yah!Mah! 31.12.2017
9. E.Yeah 25.06.2018
10 All I Need 8.08.2018

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • GAKKU ырлары 2016: Best Artist
  • GAKKU TOP-10 2016: «Айыптама» синглы
  • ЕМА 2016: Best Debut
  • EMA 2016: «Қайтадан» синглы абсолюттук радио-хит
  • Жыл тандоосу 2016
  • Best Artist EMA 2017: «Эң мыкты эркектер жамааты»
  • EMA 2017: Эң мыкты ыр «Қалай қарайсың»
  • Жыл тандоосу 2017
  • Ticketon сыйлыгы 2018: «Казакстандык көрүүчүлөрдүн ою боюнча 2017-жылдын эң мыкты казакстандык концерти» атайын диплому
  • Кинокритиктер тандоосу 2018: Эң мыкты ыр «MOOZ» («91» тасмасы)
  • ЕМА 2018: Эң мыкты клип
  • ЕМА 2018: Эң мыкты Q-POP артист