Мамбеттурду Мамбетакун

Википедия дан
Мамбетакун, Мамбеттурду‎»‎ барагынан багытталды)
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун. КЭР. 14.7.2014.

Мамбеттурду Мамбетакун (1965-жылдын 20-аяк оона айы) Кытайдагы Тегирмети айылында, Корумдук кыштагында туулган) – Кытайдагы кыргыз фольклордук мурасынын, анын ичинде "Манас" эпосунун изилдөөчүсү, профессор. Теги кыргыз. Ушул тапта Үрүмчү шаарында жашайт.

Мамбеттурду Мамбетакун Шинжаң коомдук илимдер академиясында изилдөөчү (1988-2004), Шинжаң педагогика унверситетинде профессор, аспирант жетекчи (2005), Шинжаң жазуучулар коомунун орунбасар төрагасы (1996), Мамлекеттик жаштар бирлешмесинин мүчөсү (1995), Шинжаң боюнча илимге эмгек сиңирген ишмер (2000).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбеттурду Мамбетакун 1965-жылы аяк оона айынын 20сында Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарына караштуу Tегирмети айылынын Kорумдук кыштагында туулган.

1988-жылы теке айында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң университетинин тил-адабият факултетин бүтүрүп, Шинжаң коомдук илимдер академиясынын улуттар адабиятын изилдөө ордуна кызматка бөлүнгөн.

Азыркы тапта Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогика университетинин Филология институтунда окутуучу, профессор жана аспирант жетекчиси болуп иштейт.

Ал мамлекеттик жазуучулар коомунун мүчөсү, мамлекеттик жаштар бирлешмеси сегизинчи, тогузунчу кезектүү комитетинин мүчөсү, Шинжаң жазуучулар коомунун орунбасар төрагасы сыяктуу милдеттерди аркалайт.

2011-жылы 3-декабрда Шинжаң педагогика университетинин «Шинжаң Манас» изилдөө борбору» негизделгенде «Манас» таануучу Мамбеттурду Мамбетакун аталган борбордун башчылык милдетине сунушталып, «Манас» эпосун иреттөө, которуу, изилдөө жумуштарынын ырааттуу жүрүшүндө дилгир демилгечи болуп, айтарлыктай натыйжаларга кол жеткирип келет.

Адабий жана илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбеттурду Мамбетакундун калеминин алгачкы саамалыгы - “ “Жүрөгүм” аттуу ырлар жыйнагы 1992-жылы жарык көргөн.

Ага улап 1994-жылы адабий сын макалалар жыйнагы “Өзүбүздү унутпайлы”, 1996-жылы "Кыргыз адабият тарыхынын" 2-бөлүгү Шинжаң эл басмасынан жарык көргөн (бул китеп 1991-жылы мамлекеттин 8-беш жылдык орчундуу изилдөө темасына киргизилген эле).

Өзү жеке жана башкалар менен бирлешип "Манас эпосунун варианттары жана манасчылык" (1997), "Карт дастан" (1998), "Кыргыздын жөрөлгөлүү илим-техника маданияты" (2001), “Сайрап өткөн сандыгач” (1995) катарлуу китептерди түздү.

Германиялык түрколог Гундула Салк менен биргелешип жазган "Хэйлуңжаң кыргыздары" аттуу китеби 1998-жылы Польшада англис тилинде жарык көрдү.

Өзү жазган "Кыргыз адабият тарыхы" аттуу китеби 2005-жылы ханзу тилинде жарык көрдү.

2000-жылы жана 2004-жылдары коомдук илимдер фонду боюнча мамлекеттик тема “Эпикалык жөрөлгө жана кыргыз эл дастандары”, "Кыргыз эл ооз адабиятында Памир мектеби" аттуу түрлөрдү иштеп бүтүрдү.

“Жуңго кыргыздары” энциклопедиясын жазууга катышты жана “Жуңго тарыхый жазмаларында кыргыздар” аттуу китепти которуп түзүүгө жооптуу болду.

Азырга чейин 70тен ашуун илимий макаласы кыргызча, уйгурча, ханзуча, казакча, англис жана франсузча илимий журналдарда жарык көрдү. Кээ бир аңгемелери жана ырлары ханзу тилине которулду..

Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстанда чыккан "Кытайдагы кыргыз назы" аттуу үч кишилик ыр жыйнактын авторлорунун бири.

Ал "Манас" эпосу, кыргыз таануу жана чакан этностордун азыркы доордогу адабиятын изилдөө жаатында белсемдүү эмгектенип келет.

Кыргызстан менен илимий алакалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессорлор М.Мамбетакун менен Т.Чоротегин Ак-Чий шаарында. КЭР. 10.7.2014.

Мамбеттурду Мамбетакун Кытай менен Кыргызстандын илимий байланыштарын чыңдоо жаатында 1994-жылдан бери ырааттуу салым кошуп келе жатат.

Анын илимий мекемесинин демөөрчүлүгү менен кыргызстандык студенттер Кытайга жана кытайлык кыргыз студенттер Кыргызстанга фольклор таануу боюнча илимий экспедициялар уюштуруп келет (2012-жылдан).

Кыргызстандык тарыхчы, этнограф жана тилчи илимпоздор да 20-кылымдын акыры - 21-кылымдын башында Кытайга байма-бай илимий саякат жасашууда, аларга Мамбеттурду Мамбетакун ырааттуу көмөк кылып келет.

Өзү да Кыргызстанга 1994-жылдан тартып көп ирет келип, илимий жыйындарга катышты. Анын бир монографиясы Кыргызстанда жарык көрдү.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбеттурду Мамбетакун илимий макалалары жана адабий чыгармалары үчүн Кытайдагы мамлекеттик жана автоном райондук сыйлыктарга татыктуу болгон.

1994-жылы кесиби боюнча адис изилдөөчү илимий атагын алган.

1996-жылы мамлекеттик 3-жолку аз сандуу улут адабиятын изилдөө боюнча чыгаан жаш сыйлыгына татыган.

2000-жылы Жуңго кыргыздары арасынан туңгуч болуп автоном район боюнча илимге эмгек сиңирген адис (маман) деген ардактуу наамды алган.

2004-жылы автоном райондук «Тяншан адабият-көркөм өнөр» сыйлыгына татыктуу болгон.

Кыргызстандагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ардактуу профессору (2015-ж).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Гүлсайра Жасын.

Алардын бир кызы (Айжан; 1996), бир уулу (Нойон; 2001) бар.

Кытайлык кыргыз композитор Мамбетжума Мамбетакун, Ак-Чий шаары, КЭР. 12.7.2014.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакундун бир тууган агасы - Кытайдагы кыргыздардын ичинен чыккан белгилүү композитор, музыка таануучу Мамбетжума Мамбетакун (1957) мырза.

«БИЗ» ыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбеттурду Мамбетакун 1990-жж. жазган “Биз” аттуу ыр азыркы тапта Кытайдагы кыргыздардын арасында гана эмес, Кыргызстанда да кеңири аткарыла баштады. Бул ырдын текстине өз агасы, ком позитор жана аткаруучу Маметжума Мамбетакун уулу атайын обон чыгарган.

Сөзү: Мамбеттурду Мамбетакун уулу
Обону: Маметжума Мамбетакун уулу

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Манастан айрылып кыргыз,
Тагдырга көз салат жал-жал.

Тагдырды таштуу жерге аркандадык,
Тагдырлар таштап кетсе арданбадык.
Энесай узатканда аттар семиз,
Чарчадык, тагдырды кууп чарчабадык.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Эзилип эмчеги ийип,
Энелер жашыруун кал-кал.

Эзилип эмчеги ийип,
Энелер жалдырап кал-кал.

Эрлер жок ат жалына казан аскан,
«Насыйкат» угулат ал өтө алыстан.
«Кара өзгөй» күүсүн чалдык кайрып-кайрып,
Энелер жолду карайт ак жоолукчан.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Күтүүнүн ченеми болот,
Оо курбум сапарга аттан.
Күтүүнүн ченеми болот,
Кыргыздар дүйнөгө,
Кыргыздар дүйнөгө аттан.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамбеттурду Мамбетакун. "Манас" эпосунун варианттары жана манасчылык. – Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 1998.
  • Mambetakun, Mambetturdu – Salk, Gundula, "The Fu-Yu Gïrgïz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China". In: Turcica 30 (1998), pp. 287-296.
  • مامبەتتۇردۇ مامبەتاقۇن: «قىرعىز ەل ووز ادابئياتىنىن پامىر مەكتەبى»، شئنجاڭ ەل باسماسى، 2004جىل.
  • Мамбетакун М. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), М. А. Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Чолпон Субакожоева. - Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. - 319 б. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – ISBN 978-9967-12-428-8.
  • Мамбетакун М. Кыргыз эл ооз адабиятынын Памир мектеби: [Текст] /М.Мамбетакун. Үрүмчү, 2009. - 347 б.
  • Мамбетакун М. Жүсүп Мамайдын 1961-1964-жылдар аралыгындагы манасчылыгы. // Жүсүп Мамай: заманыбыздын залкар манасчысы. Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жүсүп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалаларды н топтому. – Б.: Макспринт басмасы; Мурас фонду, 2014. - Б. 90. - «Тарых жана мурас» түрмөгү.


Ал редакциялаган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир тууган Мамбетакун уулдары. Корумдук кыштагы, Тегирмети, Артыш аймагы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР. Солдо - профессор Мамбеттурду Мамбетакун, оңдо - композитор Мамбетжума Мамбетакун, ортодо - алардын улуу агасы Мамбеттокто Мамбетакун. 13.7.2014. Т.Чоротегин тарткан сүрөт.
Кең-Кыр айылындагы 9 жылдык мектептин көрнөгү. Шайдылда Базардагы кыргыздар балдарын ушул мектептен окутушат. Гума ооданы, Хотан аймагы, КЭР. 27.7.2015.