Мазмунга өтүү

Молдокасымов, Кыяс Сатар уулу

Википедия дан
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов. 11.2.2012.

Кыяс Сатар уулу Молдокасымов - кыргыздын белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист катары да кеңири таанымал. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмер (2005). "Мурас" фондунун Башкармалыгынын Төрагасы (2017-жылдын 4-майынан).

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1963-жылы 22-февралда Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Далай жылдар аталган факультетте иштеген.

Кандидаттык диссертациясын Өзбекстандын белдүү окумуштуусу, профессор Хамид Зияевдин илимий жетекчилиги астында жазган.

1989-жылы 3-июнда түзүлгөн Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын уюштуруучулардын бири.

1995-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын төрагасы.

1998-2005-жылдары "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросун жетектеген.

2005-2007-жылдары Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясын (УТРК) жетектеди.

2008-жылдын 11-июнунан 2010-жылдын майына чейин "Кыргыз туусу" өкмөттүк гезитинин баш редактору болду.

2013-жылга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору.

2012-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин Башкармалыгына мүчө болуп шайланган. Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмер.

2013-жылдын октябрынан бери КР Президентинин Аппаратына караштуу "Мурас" фондунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келди.

Кыргыздын белгилүү тарыхчы илимпозу, журналисти жана публицисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Сатарович Молдокасымов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунун Башкармалыгынын Төрагасы болуп дайындалды. Мындай буйрукка Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков 2017-жылдын 4-майында кол койду.

Буга чейин фондду жетектеп келген тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин кесиптеши, буга чейинки орун басары Кыяс Молдокасымовго жогору баасын берип, коомдук фонддун ар тараптуу ишин ал жигердүү жана демилгелүү башкарып кетет деген ишеничин билдирди.

Илимий – педагогикалык, коомдук иш тажрыйбасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-2012 – Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучусу

1997-2000 – КМУУнун докторанты

1997 – КМУУнун Тарых факультетинде доцент

1990 – 1997 – КМУнун Тарых факультетинде окутуучу, ага-окутуучу

1985 – 1987 – КМУнун Тарых факультетинде стажер-окутуучу, ага-лаборант

1987- Жаш Тарыхчылар жамаатын негиздөөдө демилгечи

1994 – Тарых илиминин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон

1995 – Анкара шаарында Түркиянын Билим берүү министрлигинин чакыруусу боюнча Орто мектептердин жогорку класстары үчүн “Орток түрк тарыхын” жазууда Кыргызстан тараптан авторлордун бири

1995 – 2010 - Кыргызстан Тарыхчылар коомунун жетекчиси

1991 – “Курманжандын көз жашы” китепченин автору

2000 – Кыргызстандын кыскача тарыхы (окуу китебине Т. Чоротегин менен бирге авторлош)

2000 – Орто мектептин 5 класстары үчүн “Атамекен тарыхы боюнча кыскача аңгемелер” окуу китебинин авторлорунун бири

2004 – “Кыргыз айымдары тарых таразасында. (Х1Х кылым)” китепчесине А. Т. Абасбеков менен авторлош.

1989 – 2010 - 100 дөн ашуун илимий-популярдуу жаңы көз караштагы макалалардын автору жана мындан сырткары ЖОЖдор, Орто мектептер үчүн окуу программаларына авторлош.

1998 - 2012 – “Х1Х кылымдын 2-жарымы, ХХ кылымдын башындагы Кыргызстандын этносаясый тарыхы” аттуу темада докторлук диссертациясын жазып, жыйынтыктоодо.

Журналисттик иш тажрыйбасы, ээлеген кызматтары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылдын 11-июнунан -2010 жылдын 12-майына чейин “Кыргыз Туусу” Басма үйүнүн директору-башкы редактору

2006-жылдын 19-январынан 2007-жылдын 26-октябрына чейин МТРКнын Башкы директору

2005 –жылдын 23-сентябрынан 2006-жылдын 19-январына чейин УТРКнын президенти

2005 - 1-апрелден 23-сентябрга чейин “Азаттык Медиа” мекемесинин Мультмедиа кызматынын жетекчиси

1998 – 1-апрелден 2005 – 1-апрелге чейин “Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору

1996 - сентябрь-1998 – 1-апрель “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кабарчысы

1993-1998 – Эл аралык “Заман Кыргызстан” гезитинин бөлүм редактору

Жогорку билимге ээ.

  • 1997-1999 – КМУУнун докторантурасы
  • 1987-1990 – КМУнун аспирантурасы
  • 1980-1985 – КМУнун Тарых факультетин аяктаган.

Кесиби: Тарых жана коом таануу мугалими.

Үй-бүлөлүк абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жубайы - Гүлнара.

2005-жылы июлда Кыргызстан президенти кол койгон жарлыкка ылайык "Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 31-декабрындагы Жарлыгына ылайык, К.Молдокасымов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Бул орден ага 2017-жылдын 5-мартында салтанаттуу тапшырылды.

Эмгектеринин кыскача тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Молдокасымов К. “Курманжандын көз жашы”. – Б., 1991.
  • Молдокасымов К. Кокон ордосунда кызмат өтөгөн кыргыз тарыхчысы же Кокон хандыгынын тарыхына арналган анын кол жазмасы // Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. – Бишкек: Турар, 2007. – 3-14-беттер. -
  • Молдокасымов К., Абасбеков А.Т. “Кыргыз айымдары тарых таразасында. (Х1Х кылым)”. – Б., 2004. - А. Т. Абасбеков менен авторлош.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин) // Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2001.
  • Шабдан баатыр жана анын Петициясы //Шабдан баатыр, Бишкек,1992, Молдокасымов К.С. (макала)
  • Х1Х кылымдын экинчи жарымы –ХХ кылымдын башындагы кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый байланышынын өнүгүшү (автореферат), Бишкек, 1994. Молдокасымов К.С.
  • Колониячыл кошоматчылар же котур ташын ичине каткандар//Evrazia Etyuddlari, Анкара 1995/96, №4, кыргыз, түрк, англисс, өзбек, казак, түркмөн тилдеринде, Молдокасымов К.С. (макала)
  • Нарын облусунун тарыхы (байыркы мезгилден ХХ кылымдын башына чейин), Нарын облусу, Энциклопедия, Бишкек.1998, К.С.Молдокасымов (макала)
  • Басмачылыкпы же улуттук-боштондук кыймылбы? //Фергана – долина дружбы и взаимосогласия, Бишкек, 1998, Молдокасымов К.С, (макала)
  • Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы, Бишкек,2000, Т.К. Чоротегин, К.С. Молдокасымов (китеп)
  • Кокон хандыгынын тарыхына байланыштуу изилдөөлөр//Ала Тоо, атайын чыгарылышы, Бишкек,2000 (макала)
  • Алымбек датка//Ала Тоо, атайын чыгарылышы, Бишкек,2000 (макала)
  • Кыргызстан тарыхы боюнча аңгемелер, Орто мектептин 5-классы үчүн окуу китеби, Бишкек, 2000, К.С. Молдокасымов, А.С.Мырзакматова, Ө.Ж. Осмонов
  • Краткая история Кыргызстана, Учебник для 5 класса средней школы, Бишкек, 2002, А.С. Мырзакматова, Ө.Ж. Осмонов, К.С.Молдокасымов


200 дөн ашуун илимий-популярдуу жаңы көз караштагы макалалардын автору жана мындан сырткары ЖОЖдор, Орто мектептер үчүн окуу программаларына авторлош.

К.Молдокасымов редакциялаган эмгектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Искак Асан уулу Полот хан: Азаттык жана мамлекеттүүлүк: 2015-жылдын 17-апрелинде Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда өтө турган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйындын баяндамалары жана башка макалалар / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), ж. б.; илимий редакторлор профессор Т. Кененсариев жана доцент К. С. Молдокасымов. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. – 296 + ii б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - ISBN - 978-9967-12-477-6.
  • Алымбек датка жана анын доору: Кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Асан бий уулу Алымбек датканын (1799-1862) 215 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу ред. К.С.Молдокасымов. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 192 б., – Ош мамлекеттик университети. – КР УИАсынын Түштүк бөлүмү. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. ISBN 978-9967-12-566-7.

Интернеттеги шилтемелер:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]