Өмүрбек Абдырахманов
(«Абдырахманов Өмүрбек» барагынан багытталды)
Абдырахманов Өмүрбек (1947-ж. туулган, Базар-Коргон району, Акман кыштагы) - ишкер, саясий жана коомдук ишмер.
- СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн (1973).
- Ал 1964-66-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- Эмгек жолун Фрунзе шаардык комсомол комитетинде студенттик курулуш отряддары боюнча катчы болуп баштаган.
- 1980-85-жылдары, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы асыл-тукум совхозунда партиялык уюмдун катчысы, 1985-89-жылдары Арашан айылдык кеңешинин төрагасы болгон.
- 1990-ж. Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) алгачкы уюштуруучуларынын бири.
- 1994-95-жылдары жеке менчик ишкана ачып аны жетектеген.
- Кийинчерээк «Азаттык» корпорациясынын президенти.
- Ал коомдук жана саясий иштерге активдүү катышып келген.
- «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү.
- Коомдогу азыркы кырдаалга өзүнүн көз карашы туура келбестигин бийликке тике айтып, 2008-ж. үй-бүлөсү менен АКШга кетип 2010-ж.
- кайра келген.
- Ал - «Депутаттык азилдер» деген китептин автору.
- Республикадагы биринчи демократтардан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9