Айдаркен өрөөнү

Википедия дан
Айдаркен, өрөөн‎»‎ барагынан багытталды)
Айдаркен өрөөнү

Айдаркен өрөөнү, Xайдаркен өрөөнү Түштүк Теңир-Тоодо; Сох суусунун алабында, Куруксай - Кулдук-Тоо жана Катыраң-Тоонун аралыгында 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 510 км; деңиз деңгээлинен бийиктиги 1208-3000 м. Баш жагы Алаудин жана Таркол өрөөндөрүнөн турат. Тоо капталдары жайпагыраак, байыркы мореналар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тектеринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чыгып жатат. Палеоген-неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундаментин жаап жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -6,4...-10°С, июлдуку 19-22°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300-480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң жана каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңузсырты, жалбыз, өлөң, арча, төөкуйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Айдаркен өрөөнү аркылуу Ош -Лейлек, Баткен - Палал жана Сох Риштан автомобиль жолдору өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1