Академик Адышев тоо кыркасы

Википедия дан
Академик Адышев кырка тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Академик Адышев тоо кыркасыОш облусунун түндүк-чыгышында, Тар жана Гүлчө сууларынын аралыгынан орун алган. Терек тоосунан Төө Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түндүк-батышка 110 кмге созулат. Эӊ жазы жери 50 км. Орточо бийиктиги 3260 м, эӊ бийик жери 4785 м (Академик Адышев атындагы чоку; түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Түндүк-батышка карай басаӊдайт. Структурасы герсин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытындагы көптөгөн тектон жаракалар менен тилмеленген.

Ири тармактары: Кызыл Аргын, Жылаӊач Таш, Көк Булак, Кара Сорон, Алдайар ж. б.

Капталдарында тереӊ суу өрөөндөрү көп.

Кар, муз каптаган шиш чокулуу түштүк-чыгышына бийик тоолуу гласиалдык же альп, орто жана түндүк-батышына денудасиа-эрозиалык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыӊкы аккумулясия рельеби мүнөздүү. Байыркы муз каптоонун издери түштүк-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түштүк-чыгышындагы бийик бөлүгү — дебондун, силурдун сланес, кумдук, конгломерат, орто бөлүгү — бор, йура, палеогендин пиллит, сериӊиттүү сланес, кумдук, жапызыраак тундүк-батышы палеогендин, антропогендин кум, чопо конгломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокуларда асылма мөӊгүлөр кездешет. Кырка тоого жапыз тоолуу талаа, орто бийик тоолуу шалбаалуу талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоолуу субальп, альп, гласиалдык-нибалдык ландшапт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.

Кырка тоо көрүнүктүү илимпоз геолог М. М. Адышевдин ысымынан аталган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]