Анарбек Акматбеков

Википедия дан
Акматбеков Анарбек‎»‎ барагынан багытталды)
Анарбек Акматбеков
Ишмердүүлүк тармагы:

акын , журналист , котормочу

Туулган датасы:

25 -август 1948(1948-08-25) (75 жаш)

Туулган жери:

Үч-Терек айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Анарбек Акматбеков - 1948 - жылы 25-августа Жалал- Абад облусуна караштуу , Токтогул районундагы Үч- Терек айлында , кызматкердин үй- бүлөсүндө туулган. Акын , журналист , котормочу., коомдук маданий ишмер . КМУнун Филология факультетин бүтүргөн. Кыргыз Камвольдук -Сукно комбинатында прессовщик , мастердин жардамчысы болуп эмгек жолун баштаган.. 1977-жылы КМУну аяктаган соң , Республикалык Китеп Достору коомунда ( ДОК ), Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу , басма - сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо боюнча , Башкы Башкармалыкта редактор , Кыргыз Совет энциклопедиясында (КСЭ де ), редактор , илимий редактор кызматтарында болсо, кийин Ички Иштер Министрлигине жумушка өтүп , ИИМ тармагында отряд начальниги , ИИМдин штабында алдыңкы - тажрыйба жана басма - сөз менен иштешүү бөлүмчөсүнүн начальниги , Өрттөн сактоо Башкы Башкармалыгында үгүт - насыят иштери бөлүмүнүн начальниги кызматтарында иштеп келген. Ички кызматтын подполковниги. Кыргызстан Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги. 1989 - ж. " Кыргызстан " басмасынан " Жүрөк толкундары " ыр жыйнагы , 2008- жылы " Турмуштан тамган тамчылар .." орус тилинде , " Капли жизни... " жыйнактары. Ал эми , 2013-ж. кенже балдарга арналган " Жандуу тамгалар " , 2014 - ж. " Бир үйдө бар алты " ХАН " , 2018 - ж. " Сени сүйөм , Ала - Тоо " деген ыр жыйнактары жарык көргөн.. 1990 - 97- ж. ж . Россияда чыгып туруучу , Бүткүл Союздук СССР ички иштер министрлигинин ай сайын чыгуучу " Воспитание и порядок " коомдук - саясий журналынын " Золотое перо " дипломунун ээси. Ошондой эле , 2008 - жылы Октябрь айында Англиянын Дербент шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк акындардын " Дербишир " ачык поэзия фестиваль - конкурсунун катышуучусу. Котормо жаатында Чыгыштын залкар акындарынын , акылмандарынын накылдарын , орус жазуучуларынын балдарга арналган чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз энциклопедиясынын 5-6 томдорун , " Манас " сөздугүнүн 2 томдугун , " Кыргыз милициясы " энциклопедиясынын 1 томдугун чыгарууга катышкан. " Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук жана интернациондуулуктун көркөм диалектикасы " деген илимий эмгегине Чынгыз Айтматов өзү убагында жогору баа берген. Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун Секретарияты Анарбек Акматбековдун журналистик , акындык жана көп кырдуу илимий ишмердиги аркылуу кыргыз адабиятына , маданиятына кошкон салымы үчүн 2007 -жылдын 24 августагы №1 чечими менен " Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери " наамына сунушталган. Кийинки кезде шартка байланыштуу Американын Нью - Йорк шаарында көп тилде чыгуучу " ГОЛОС ВОСТОКА " Эл аралык журналына Кыргызстандын атынан кабыл алынган жалгыз өкүл жана редколлегия мүчөсү. Сыйлыктары болсо  ; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын " Кыргыз тили " медалы жана ИИМдин " Кадырман " , " Кыргыз милициясына 90 - жыл " , " Ардак белгиси " ж.б. медалдары менен сыйланган Ошондой эле 2019 - жылы жыл жыйынтыгында " ДАНАКЕР - ЛИНГВО " маданий - илимий коомдук бирикмесинин аныктоосу боюнча , " ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АКЫНЫ " номинациясына ээ болгон . 2020 - жылы , Кыргыз Республикасынын " ЫЙЫК ТИЛ " медалына татыктуу болгон .

2021 жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Москва облустук жазуучулар союзунун ардактуу мучоосу жана Марс Академиясынын ардактуу академиги болуп шайланды. 2022-жылы , Кыргыз Республикасынын " Ала - Тоо мекенчил инсандары " коомдук кайрымдуулук фондусунун Төрагасы , тарых жазуучусу , " Санжыра " борборунун директору , профессор АСЫКБЕК ОМОРОВ КРнын адабият - маданиятына кошкон өзгөчө салымы үчүн АКМАТБЕКОВ АНАРБЕККЕ " Ала - Тоо Эл сыймыгы " алтын медалы , алтын Ардак Грамотасы жана төш белгисин тапшырган. Ошондой эле жакында , " ЯҢГИ ОБОЗ " Эл аралык жазуучулар жана тарыхчылар союзунун ардактуу Төрагасы ТОЛКУН ХАЙТтын буйругу менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына карата "ТУРАН БИРИМДИГИ " төш белгиси менен сыйланган .