№4 периниталдык борбору

Википедия дан
Акушерлик жана гинекология‎»‎ барагынан багытталды)

Бишкек шаарындагы №4 периниталдык борборунун алгылыктуу иштери.


Бишкек шаарындагы №4 периниталдык борбору эне сүтүн коргоо жана колдоо саясатын мамлекетибиздин мыйзамына ылайык ийгиликтүү иш жүргүзүп келүүдө. 2002-жылдан бери төрөт үйү “Эне менен Балага камкор мамиле” деген наамага ээ болуп, ушул мезгилге чейин жетишкендиктерин татыктуу сактап келишет.

Төрөт үйүнүн максаттарынын бири эл арасына эне сүтү балага керектүү табигый азык экенин жайылтып пропагандалоо. Сын алгы, үн алгы аркылуу болочок энелерге эне сүтү жана эмчек эмизүүнүн пайдасы тууралу мааламат беришет. Эмчек эмизүү саясатын колдоо катары жыл сайын периниталдык борбордо жумалык өткөрүлөт. 2010-жылы сентябрь айында эне сүтүн эмизүү жумалыгы өттү. Ал мезгилде бөлүмдөрдө жаш энелерге, кош бойлуу аялдарга жана борбордун кызматкерлерине чакан лекциялар окулуп, китепчелер таркатылып маалыматтар берилди. Ошондой эле кош бойлуу аялдар жана башка үй бүлөө мүчөлөрү бөлмөлөрдө илинген кооз, көркөмдүү көрсөтмө куралдар аркылуу маалыматтарды ала алышат.

№4 периниталдык борбор тарабынан колдонулган ыкмалар тууралу айтсак, акыркы жылдары төрөлгөн ымыркайларды биринчи саат аралыгында, абалына жараша энесинин денесине жакындатып жаткызып, эмчегин эмизүү жана бала такай жанында болгудай шарт тузуп келишет. Периниталдык борбордо ара жаралган ымыркайлар төрөлөт 22 жумадан, салмагы 500гр жогору. Ал балдарды эне сүтү менен азыктандыруу жолдорун жана эмчек сүтүн сааган ыкмалары жаш энелерге үйрөтүлөт.

Бүгүнкү мезгилде Эне менен Балага камкор мамиле саясатынын негизинде, эне сүтү менен азыктандыруу 60%дан – 90%га өстү. Эне сүтү тууралуу айтсак, наристенин аң сезимине, өсүшүнө, ар кандай жугуштуу оорулардан коргоп, тез сакайып кетишине жардам берип жана боорукер бала болууга өбөлгө түзөт.