Мазмунга өтүү

Алан Тьюринг

Википедия дан
Алан Түриң‎»‎ барагынан багытталды)
Алан Тьюринг (1938?).

Алан Мэтисон Тьюринг OBE (англ. Alan Mathison Turing, англис тилинде айтылышы: /ˈtjʊərɪŋ/, 1912-жылы 23-июнда туулган – 1954-жылы 7-июнда каза болгон) - Британия империясынын орденинин ээси, англиялык компүтер илиминин адиси, математик, логик, криптоаналитик, философ жана биолог-теоретиги.

Окумуштуу атайын адистешкен негизги компүтер модели болуп эсептелген "Тьюринг машинеси" аркылуу алгоритм жана эсеп чыгаруу концептинин түзүлүшү жөнүндө түшүнүк берип, информатика илиминин теориялык өнүгүсүнө таасирин тийгизген. Тьюринг теориялык информатика илиминин жана жасалма интелекттин атасы болуп эсептелет.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Тьюринг Блетчли-парктагы "Ультра" жасалама интелектти иштеп чыгарган британиялык Өкмөттүк коддо жана шифрлөө мектебинде (англ. Government Code and Cypher School) иштеген. Бир учурда немис криптоанализине жооптуу болгон Hut 8 бөлүмүн жетектеген. Бул жерде окумуштуу немис шифрлерин тез чечмелөө ыкмаларын иштеп чыгарган, ошондой эле "Энигма" шифрин чечмелөө боюнча иштеген польшалык согушка чейинки криптологиялык бомба ыкмасынын электромеханикалык машинесин жакшырткан. Тьюринг, Гитлерге каршы бирикмесинин эң негизги согуштарында, өзгөчө Атлантика үчүн салгылашуу учурунда фашисттик Германиянын коммуникацияларын кесип өтүп, бөгөп калуу аракеттеринде ачкыч ролду ойногон, ошону менен ал согушту жеңүүгө жардамчы болгон. Контрфактуалдык тарых согуштун созулушуна таасир кылган "Ультра" жасалма интелект жөнүндө кандайдыр бир бекем чечимге келген жок, ошого карабастан, бул ыкма Европадагы согуштун созулушун эки жылга кыскартып, 14 миллиондон ашык адамды сактап калган.

Согуштан кийин Тьюринг Улуттук физикалык лабораториясында иштеген, ошол жерде ал эң биринчи эсте сактап, автоматтуу түрдө эсеп чыгаруучу машинени иштеп чыгарган. 1948-жылы Манчестердеги Виктория университетининде Макс Нүмендин эсеп чыгаруучу лабораториясына кошулуп, Манчестер компүтерлерин түзүүсүндө жардам берип, математикалык биологияга кызыга баштаган. Тьюринг морфогенездин химиялык негизи жөнүндө макала жазып, биринчи жолу 1960-жылдары байкалган Белоусов-Жаботинский реакциясы сыяктуу чайкалтуучу химиялык реакциясы жөнүндө алдын ала айта кеткен.

1952-жылы Тьюринг "Лабушердин оңдоолоруна" ылайык келген "одоно адепсиздик" беренеси боюнча гомосексуалдык аракеттеринен улам Улуу Британияда сотко берилген. Окумуштуу камакка алынгандын ордуна жаза катары гармондук терапиясын тандаган. Тьюринг 1954-жылы, 42-туулган күнүнө 16 күн калганда цианидден ууланып каза тапкан. Тергөө боюнча Тьюринг өзүн-өзү өлтүргөн деп катталган, бирок белгилүү маалыматтар боюнча окумуштуунун кокусунан уулануусу дагы себеп катары орун алган. 2009-жылы, интернет кампаниядан кийин, Британиянын премьер-министри Гордон Браун расмий түрдө Британ өкмөтүнүн жалпы жааматынан "окумуштууга начар мамиле жасагандары үчүн" кечирим сураган. 2013-жылы Елизавета II өлгөндөн кийинки кечирим кылууга уруксат берген. "Алан Тьюринг мыйзамы" - Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун 2017-жылы кабыл алынган мыйзамы боюнча, гомосексуалдык аракеттерге тыюу салган тарыхый мыйзамдары боюнча айыпталган же эскертүү берилген эркектерге өлгөндөн кийин кечирим кылууга уруксат берүү мыйзамынын учурдагы расмий эмес термини болгон.

Өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]