Ала-Тоо аянты
| Ала-Тоо аянты | |
| | |
| Өлкө | |
|---|---|
| Шаар | |
| Район | |
| Мурунку аталышы |
Ленин аянты |
| Жакын жерде жайгашкан |
Ак үй, Панфилов паркы, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи |
| Транспорт | |
| Автобус |
2Т, 7Т, 7, 10, 11, 12, 16, 17, 24, 25, 34, 36, 38, 40, 42, 66, 103, 104, 135, 145, 166, 212, 216, 222, 227, 243, 254 |
| Троллейбус |
2, 6, 7, 9, 12, 16 (2024-жылга чейин) |
| Аялдамалар |
Ала-Тоо аянты, Ала-Тоо кинотеатры, Эркиндик бульвары, Россия кинотеатры |
|
Ала-Тоо аянты | |
Ала-Тоо аянты — Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин борбордук аянты.
Расмий түрдө 1984-жылы Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдык мааракесине карата ачылган.
"Ала-Тоо" аянты өлкөнүн негизги коомдук-саясий борбору болуп саналат. Бул жерде Мамлекеттик эгемендүүлүк күнү, Нооруз, жаңы жыл сыяктуу майрамдар, параддар жана масштабдуу концерттер өткөрүп турат. Ошондой эле аянт 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы тарыхый элдик революциялардын да башкы аренасы болгон.
Батышанын А. Орозбеков, чыгышынан И. Раззаков, түндүгүнөн А. С. Пушкин, түштүгүнөн Киев көчөлөрү менен чектелген. Аянт аркылуу шаардагы ири көчөлөрүнүн бири Чүй проспекти өтөт.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурда азыркы Маданият жана маалымат министрлигинин жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имараттары жайгашкан аймакта Советтик Кыргызстандын чакан башкы аянты болгон. Кийинчерээк бул аймак батышты көздөй, И. Панфилов сейил багына чейин кеңейген.
"Ала-Тоо" аянтынын азыркы жайгашуусу Фрунзе шаарынын 1979-жылдагы долбооруна ылайык белгиленген[1].
1983–1984-жылдары Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата аянт толугу менен реконструкцияланган. Ошол учурда ак мрамордон салынган имараттар архитектуралык ансамблди түзүлгөн:
- "Ак үй" (Өкмөт үйү);
- Улуттук тарых музейи (мурдагы В.И. Ленин музейи);
- Элдердин достук үйү (1926-жылы курулган алгачкы коомдук имарат);
- Боз үй формасындагы куполу бар Агропром имараты (1984-ж.);
- Фонтан комплекси.
Архитектуралык долбоордун авторлору: Г. П. Кутателадзе, И. Д. Кадырбеков, В. В. Лызенко, Н. Н. Уллас, А.Т. Горемыкин, А. М. Нежурин, Ю. А. Чубаров, И. К. Камбарбаев, И. И. Лихтеров.
1984-жылы аянтка В. И. Лениндин эстелиги орнотулуп (скульпторлору В. Кибальников, Т. Сыдыков; архитекторлору А. Исаев, В. Кутырев), аянтка В. И. Лениндин ысымы ыйгарылган. Эгемендүүлүк алгандан кийин Фрунзе шаары Бишкек болуп, ал эми аянт "Ала-Тоо" деп өзгөртүлгөн[1].
Эстеликтер, монументтер жана курулуштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Айкөл Манас" монументи: 2003-жылы Лениндин эстелиги "Эски аянтка" жылдырылып, ордуна "Эркиндик" скульптурасы коюлган. 2011-жылы анын ордуна кыргыз элинин баатырына арналган Айкөл Манастын коло эстелиги орнотулган.
Чыңгыз Айтматовдун эстелиги: 2011-жылдын 30-августунда Агропром имаратынын каршысына залкар жазуучу Ч. Айтматовдун монументи тургузулган.
Элдик революциялардын баатырларына арналган мемориал: 2012-жылы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналып ачылган.
2004-жылы реконструкциялоо жана жаңылоо иштери учурнда бийиктиги 100 метр болгон флагшток орнотулган[2]. Аянтка заманбап оргума комплекстери орнотулган[3][4][5].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 Limon.kg. Ала-Тоо». История главной площади страны
- ↑ Сереп. Бишкек шаарынын мэри Ала-Тоо аянтында жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди
- ↑ Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты. Борбордук Ала-Тоо аянтындагы флагштокту реконструкциялоо жана жаңылоо
- ↑ Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты. Ала-Тоо аянтын оңдоп-түзөө
- ↑ Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты