Садык Алиназаров

Википедия дан
Алиназаров Садык‎»‎ барагынан багытталды)

Алиназаров Садык –(1914, Пишпек ш. (азыркы Бишкек) - 7. 3. 1969) - Советтик Союзунун Баатыры (1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 280-аткычтар дивизиясындагы 103-аткычтар полкунун катардагы жоокери болгон. 1943-ж. 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөн. Дарыянын оң жээгине плацдарм курган советтик жоокерлер тобу бир түндө душмандын 12 контрчабуулунун мизин кайтарган. Ошондогу эрдиги үчүн Алиназаровго Советтик Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Согуштан кийин Бишкек шаарында эмгек жолун кайрадан уланткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]