Алтын-Төр мөңгүсү

Википедия дан
Алтын-Төр, мөңгү‎»‎ барагынан багытталды)

Алтын-Төр мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,6 км, аянты 3,4 км2.

Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4240 м, этеги 3140 м бийиктикте. Кар чегинин бийиктиги 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Этек мореналар даана байкалат (жалчалардын бийикт. 5 м). Мөңгүдөн Алтын-Төр суусу башталып, Аламүдүнгө оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]