Нурлан Аскаров
(«Аскаров Нурлан» барагынан багытталды)
Аскаров Нурлан (10. 5. 1960-ж. туулган, Жайыл району, Суусамыр айылы) - тарых илимдеринин кандидаты (1985), мамлекеттик ишмер.
- Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси (2009).
- Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1982).
- Ал 1982-85-жылдары M. В. Ломоносов атындагы Москва университетинде аспирант.
- 1983-84-жылдары Гумбольдт атындагы Берлин университетинде илимий стажировкада болгон.
- 1985-86-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окутуучу, 1986-91-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКда инструктор, бөлүм башчысы, 1992-93-жылдары жаштар союзунун Борбордук кеңешин башкарган.
- 199394-жылдары Карл Дуйсберг коомунун багытында ГФРде илимий стажировкада, 1994-97-жылдары коммерциялык структураларда иштеген.
- 1997-98-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун калкты социалдык жактан коргоо башкармасынын төрагасы, 1998-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын атайын техникалык билим берүү башкы башкармасынын төрагасы, 2005-07-жылдары ГФРдин Дармштадт технологиялык университетинде илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн, профессор (2007).
- Турин шаарындагы (Италия) европалык Билим фондусунун байкоо кеңешинин мүчөсү (1998), Германиядагы Гумбольдт фондусунун (2006) жана Карл Дуйсберг коомунун (1994) бүтүрүүчүсү.
- Илимий эмгектери жана макалалары бир нече Европа өлкөлөрүнүн журналдарында жарыяланган.
- 2007-09-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы атайын техникалык билим берүү агенттигинин төрагасы.
- 1998-жылдан Билим берүүнүн Европа фондунун консультациялык кеңешинин мүчөсү.
- Бир нече чет тилдерде эркин сүйлөйт.
- Ардак грамоталар (БСЖКнин, 1989; Кыргыз Республикасынын, 2003; Социалдык коргоо жана Эмгек министрлигинин, 2002) менен сыйланган.
- Жаныш уруусунан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9