Difference between revisions of "Рене Декарт"

Jump to navigation Jump to search
м
r2.7.3) (Робот: изменение ckb:ڕێنە دێکارت на ckb:ڕێنێ دێکارت; косметические изменения
м (r2.7.1) (робот өзгөрттү: sco:René Descartes)
м (r2.7.3) (Робот: изменение ckb:ڕێنە دێکارت на ckb:ڕێنێ دێکارت; косметические изменения)
[[FileФайл:Frans_Hals_-_Portret_van_René_Descartes.jpg|250px|thumb|right|Рене Декарт]]
== Биография ==
Рене Декарт (1596—1650) — азыркы батыш философиясын негиздөөчү, философия тарыхын изилдөөчүлөрдүн көбү ушундай деп эсептешет.<br />
Ал Францияда, Лаэ деген жерде туулат. Иезуиттик Ла-Флеш коллежинде окуп, 1616-жылы укук адистиги боюнча билим алат. Германияда, Италияда, Голландияда жана Францияда көп жолу саякатта болот. Бир аз убакыт, адегенде протестанттык, андан кийин католиктик Бавардык армияда кызмат өтөйт. Дал ушул мезгилде Ульмада ызгаардуу кыштын күндөрүндө өзүнүн философияга болгон мамилеси жөнүндө ой жүгүртүп, аныктап алуу үчүн от күчтүү жагылган ысык бөлмөдө бир топ убакыт жашоого мүмкүнчүлүк болот.<br />
=== Декарттын милдеттери ===
== Декарттын ой багыты ==
Декарт илимий билимди системалуу түрдө түзүүгө умтулган, а бул болсо өзүнөн өзү түшүнүктүү жана шексиз ырастоолорго негизденгенде гана ишке ашмак. Ой жүгүртүүнү Декарт ушундай ырастоо деп эсептеген: «Мен ойлоймун, демек жашап турамын» (Соgito, ergo sum). Декарттын ой багыты мындайча: бардык нерселерге шектенүү менен кароо зарыл, анткени ойломдон башка нерселердин баарынан шектенсе болот. Ал түгүл менин ойлорум жаңылыш болгондо да, ал ойлор мага келгенде мен баары бир ойлономун. Декарт «ойлом» деген терминди баардык аң-сезимдүү руханий ишмердикти камтуу үчүн колдонот. Бул «ойлоочу нерсе» деген ишеним Декартка билимдин бүткүл имаратын түзүп чыгууга негиз берет. Ал муну шектенүү усулунун жана ал өзү «акылдын нуру» деп атагандын жардамы аркылуу аныктаган. Бирок бул шектенүү антик философиясындагыдай скепсис эмес, шектенүү дегенибиз Декарт үчүн — тар максат эмес, бекем билимди түзүп чыгуунун куралы гана. Декарттын скепсиси — алгачкы аныктыкка алып келүүгө тийиш болгон методологиялык (усулдук) скепсис.<br />
[[Фрэнсис Бэкон |Бэкон]] үчүн алгачкы аныктык (исходная достоверность) дегенибиз сезимдик таанымга, тажрыйбага таянуу дегенди билдирсе, рационалист Декарт буга канаттанбайт, анткени ал сезим алдап кетиши мүмкүн экенин жана ага таянууга эч мүмкүн эместигин түшүнөт. Ал ошондой эле, авторитеттерге ишенүүгө болбойт деп эсептеген, анткени авторитеттердин аныктыгы кайдан келип пайда болот деген суроо келип чыгат. Декартка эч кандай шек туудурбай турган негиздер керек. Эгерде, деп жазат ал, бардык шек туудурган нерселерди жалган деп ыргытып сала турган болсок, анда Кудай, асман, тело да жок деп болжоого болор эле, бирок биз ой жүгүртүп турабыз, демек бизди жок деп айтууга болбойт, ой жүгүртө алгандарды жашабайт, жок деп айтуу натуура. «Мен ойлоймун, демек жашап турамын» деген сөздөр менен ырастала турган факт туура философиялык ой жүгүртө алгандар үчүн эң анык факт болуп саналат.
== Декарттын « Соgitoсу» ==
баарынан мурда математиканын, табият таануу илиминин өнүгүшү менен тыкыс байланыштуу. Декарт арифметика менен геометрия гана анык жана шексиз нерселерди өзүндө камтып турат деп жазат. Түштө да, өңдө да, дейт Декарт, эки кошуу үч — бешке барабар, ал эми тик бурчтукта төрт гана жак болот. Мындай анык акыйкаттардан шектенүү дегеле мүмкүн эмес.<br />
 
== Колдонулган адабияттар ==
[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[CategoryКатегория:Философия]]
 
[[af:René Descartes]]
[[ca:René Descartes]]
[[ceb:René Descartes]]
[[ckb:ڕێنەڕێنێ دێکارت]]
[[cs:René Descartes]]
[[cy:René Descartes]]
6,284

edits

Навигация менюсу