Султан Юсупов: нускалардын айырмасы

Википедия дан
м Робот: изменение Категория:Персоналия на Категория:Инсандар
(Айырма жок)

29 январь 2019, саат 13:34 учурдагы нуска

Юсупов Султан

Юсупов Султан (1918, Сокулук району, Таш- Булак айылы) — хор дирижёру, педагог. Кыргыз ССР эл артисти (1967). Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1958), профессор (1977).

Өмүр таржымалы

Москва консерваториясынын хор дирижёру бөлүмүн бүтүргөн (1950, профессорлор А. Свешников, Г. Соколов, А. Хасановдун класстары боюнча).
1938—45-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында хор артисти.
1952-ж. башкы хормейстер, 1970-ж. дирижёр.

Эмгектери

Бир топ операларды коюуга катышкан. Алардын башкысы «Айчүрөк» (1939), «Манас» (1946) операларынын хорлорун да даярдаган. «Айчүрөк» операсына увертюра, кириш бөлүм катары оркестр пьесасын жазган. Мында операнын идеялык мазмунун, сюжеттик багытын, драмалык чечилишин, образдардын эмоциялык сезимин угуучуларга жыйынтыктуу жеткирет. Бул увертюра «Айчүрөк» операсынын негизги лейтмотивин түзөт. «Айчүрөк» операсы хордук аткарууга өтө бай.
Акункандын ордосу, анда «Душманга толду жерибиз» деген элдик ырдын мотивинде жазылган хор менен кешеге ачылып, «Эркиндик эже асманда» деген элдик ырдын мотивиндеги хор менен опера аяктайт. «Манас» операсынын экинчи редакциясы да бир топ элдик обон, күүлөр менен толукталган хорлорго бай. Мында Ю. А. Огонбаевдин «Күйдүм чок» ырынын обонун операнын увертюрасына, андагы хорлорго пайдаланган.
Юсупов бул опералардан тышкары бир топ хордук чыгармалардын автору.
1958 —70-жылдары В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунда иштеген.
1967-жылдан Кыргыз мамлекеттик искуство институтунда хормейстрлерди даярдап эмгектенүүдө.

Сыйлыктары

Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер

ТУНГУЧ ХОР ДИРИЖЕРУ СУЛТАН ЮСУПОВ