Атомдук электр станциясы

Википедия дан
Атом электр станциясы (АЭС)‎»‎ барагынан багытталды)

Атомдук электр станциясы (АЭС) — ядролук энергияны электр энергиясына айландыруучу курулуштардын комплекси. АЭСте ядролук реактордогу кээ бир оор элементтердин, негизинен уран (233U, 235U), плутоний (239Pu) ядролорунун бөлүнүшүнүн уланма реакциясынын натыйжасында пайда болгон жылуулук кадимки эле жылуулук электр станцияларындай электр энергиясына айландырылат. Урандын же плутонийдин 1 г изотобу бөлүнгөндө 22,5 МВтНка жакын энергия бөлүнүп чыгат. Бул 2,8 т шарттуу отунду жакканда алынуучу энергияга барабар. АЭСтер ядролук энергетиканын негизин түзөт. Дүйнөдөгү эң биринчи кубаттуулугу 5 МВт болгон АЭС Орусиянын Обнинск шаарында ишке киргизилген. Азыркы кезде иштеп жаткан АЭСтердин жалпы кубаттуулугу 6 ГВттан ашык. АЭСтерде көп учурда жылуулук нейтрондору менен иштөөчү реактордун 2 түрү: тулкулук суусуулук реакторлор жана каналдык графит-суулук реакторлор колдонулат. Жылуулук алып жүргүчтүн түрүнө жана агрегаттык абалына жараша АЭСтин термодинамикалык мерчими тандалат. Көпчүлүк АЭСтин электр жабдуулары кадимки жылуулук электр станциясындагыдай эле болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1