Барпыгүл Баймырзаева

Википедия дан
Баймырзаева Барпыгүл‎»‎ барагынан багытталды)

Баймырзаева Барпыгүл (1919, Түлөкө-Сай - 1960, Жер-Капчыгай айылы) - өрөөндөн чыккан алгачкы аял мугалимдерден.

Ош шаарындагы 2 жылдык мугалимдер институтун (1938), M.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. АкТаш, Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Жер-Капчыгай (Каганович), Каныш-Кыя айылдарындагы башталгыч, толук эмес орто мектептерде согуш мезгилинде жана согуштан кийинки 1950-жылдардын экинчи жарымына чейин жыйырма жылдан ашык мугалим, мектеп директору, Сүлүктү шааарындагы башталгыч билим берүүчү мектептердин биринде директор болуп эмгектенген.

Согуш жылдарында Чаткал райком партиясынын бюро мүчөсү катары бир топ коомдук иштерди аркалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6