Баткак (ылай) менен дарылоо

Википедия дан
Баткак (ылай)менен дарылоо‎»‎ барагынан багытталды)
Жансыз деңиз.

Баткак (ылай) менен дарылоо — чым көңдүү, сульфиддүү, сапропелдүү жана башка ылайларды дарылоо максатында колдонуу.

Бакактын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чым көңдүү баткак ажыраган органикалык заттардан жана өсүмдүк калдыгынан турат. Сапропелдүү баткак бир аз минерал заты бар органикалык заттуу ылай чөгүндүлөрүнөн туруп, негизинен тузсуз сууларда пайда болот. Сульфиддүү баткак — туздуу көлмөлөрдүн составында сульфиддери (көбүнчө күкүрттүү темир) көп органикалык жана минералдуу ылай чөкмөлөрү.

Ысытылган дары баткак жылуулукту көпкө сактайт жана денени акырындык менен ысытат. Баткак процедураларынын жылытуучу факторунан башка терини химиялык дүүлүктүрүүчү жана тери аркылуу организмге таасир этүүчү күкүрттүү суутек, аммиак жана башка газ абалындагы заттар чоң мааниге ээ.

Ыссык-Ата (курорту) жайгашкан капчыгай.

Бакактын дарылык касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дары баткак теринин нерв учтарына таасир этүү менен нерв системасынын ишине, кан айлануу, ички секреция бездери, алмашуу процесси жана башкаларга рефлекстүү таасир этет. Баткак менен дарылоо дененин же органдардын жабыркаган жериндеги кан айланууну жакшыртат, сезгенүүнү таратып, зат алмашууну, ички секреция бездеринин ишин оңойт.

Баткак менен дарылоодо аппликация методу колдонулат. Мында баштан жана жүрөктүн тушунан башка бүт денеге (жалпы аппиликация) же дененин айрым бөлүгүнө (жергиликтүү аппиликация) баткак жабылат. Кээ бир ооруларда, мисалы, гинекологиялык ооруларда баткак томпонду жатын кынына, урологиялык ооруларда көтөн чучукка салып дарылайт. Баткак менен дарылоо сөөк, булчуң, муундун өнөкөт ооруларында жана травмадан жабыркаганда, четки жана борбордук нерв системасынын, жыныс органдарынын кээ бир ооруларында сунуш кылынат. Баткак менен дарылоо баткак кенине жакын жайгашкан курорттордо (Ысык-Ата курорту), атайын баткак менен дарылоочу жайларда, алынып келинген баткак колдонулуучу оорукана, поликлиника, санаторий жана башка дарылоо мекемелеринде жүргүзүлөт.

Баткак менен дарылоо бүтүндөй организмге өтө күчтүү таасир этүүчү каражат болгондуктан, догдурдун сунушу жана көзөмөлүндө гана жүргүзүлөт. Процедурадан кийин оорулуу 30—40 мин эс алып, палаткага же үйгө келгенде 1—2 саат жатыш керек.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8