Бекбоев, Замир Исакович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекбоев Замир Исакович 1953 жылдын 1 майында Бишкек шаарында төрөлгөн.
Улуту кыргыз.
Жогорку билимдүү.
1975 жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин «Приклаттык математика» адистиги боюнча бүтүргөн.
1976 жылдан –1980 жылдарга чейин стажировкада болгон, андан кийин Ленинград Мамлекеттик университетинин «Операцияларды изилдөө» кафедрасында асперантурада окуган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1975 жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин «Приклаттык математика» кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1980 – 1981 – жылдары Фрунзе Политехникалык институтунун эсептөө борборунда начальник болуп иштеген.
1984 – 1991 – жылдары – ФПИнин ЭВМ кафедрасында окуутучу, ага окуутучу болуп иштеген.
1991 – 1995 – жылдары – Ишкерлердин Чуй областык фондунун директору болуп иштеген.
1995 – 1996 – жылдары – «Бабек ЛТД» ЖЧК коомдун директору болуп иштеген.
1996 жылдын март айынан баштап – 1996 жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн алдындагы гуманитардык жардамдар боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
1996 – 2005 – жылдары – «Бабек ЛТД» ЖЧКнын аткаруучу директору болуп иштеген.
2005 – 2008 жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттинин кеңешчиси.
2008 жылдын январь айынан тартып – 2008 июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
2008 жылдан – 2010 жылдын сентябрьна чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген.
2010 жылдын октябрында «Ар – Намыс» саясии партиясынын тизмеси боюнча V – чакырылышындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын II-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/434-BEKBOEV_Zamir_Isakovich__Frakciya_ArNamys.aspx Archived 2011-08-10 at the Wayback Machine