Беш-Терек көмүр кени

Википедия дан
Беш-Терек таш көмүр кени‎»‎ барагынан багытталды)

Беш-Терек көмүр кениОш облусунун Өзгөн районунда, Жазы суусунун сол жээгинде, Бештерек суусунун башатында, Жазы жана Кара-Кулжа сууларынын аралыгындагы кырда. Көмүр кени 1939-жылдан белгилүү. 1940–45-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Батыш жана Чыгыш болуп эки участкага бөлүнөт. Кендин аймагындагы юра катмары чаарташ жана зындан аттуу эки свитадан турат. Чаарташ свитасында биринчи (I) деп аталган бир кабат жана көмүрдүн бир нече ичке катмарчасы, зындан свитасында экинчи (II) деп аталган бир кабат, дагы 9 майда кабатча бар. Биринчи кабаттын калыңдыгы Батыш участкасында 1,74 мден 3,50 мге чейин өзгөрүп, орточосу 2,24 мди түзөт. Чыгыш участкасында 0,43 мден 1,63 мге чейин өзгөрүп, орточосу 1,17 мди түзөт. Экинчи кабат Батыш участкасында гана кездешет, анын калыңдыгы 0,40 мден 1,80 мге чейин, орточосу 1,32 м түзөт. Сапаты жана технологиялык касиеттери боюнча кендин көмүрү кокстуу майлуу (КЖ) жана биринчи кокстуу майсыз (IKМ) маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 15,28–15,85% түзөт, орточо күйүү жылуулугу 35,44 МДж/кг (8466 ккал/кг). Көмүрдөн кокс алууга болот. Кайра бааланган (1990-ж.) запасы С2 категориясы боюнча 6819 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]