Турсуналы Бостонкулов

Википедия дан
Бостонкулов Турсуналы‎»‎ барагынан багытталды)

Бостонкулов Турсуналы - акын, драматург. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында 1953-жылы туулган. 1984-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1973–1979-жж. колхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1984-жылдан «Мектеп» басмасында корректор, «Кыргызфильм» киностудиясынын сценардык-редакциялык коллегиясында улук редактор, 1985-жылы «Кыргызстан» басмасынын редактору, ал эми 1988-жылдан тартып «Адабият» басмаканасынын фольклор жана поэзия бөлүмүнүн редактору болуп эмгектенген.

Чыгармалары 1970-жылдан тартып жарыяланып, «Дүбүрт» аттуу поэтикалык жыйнагы 1985-жылы жарык көргөн. Акындын чыгармалары республикалык жамааттык жыйнактарда, гезит-журналдарда жарыяланып келген.

Т.Бостонкулов тарабынан «Ташкындаган мезгил» (1985), «Ыйык кан» (1982), «Жомокко окшош чындык» (1988) пьесалары жазылган.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын төрт Ардак грамотасы жана Кыргызстан Кинематографисттер союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1990-жылдан Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүбүрт: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 80 б.

Кол тамга: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1990. – 120 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]