Брно
Брно – Чехиядагы шаар, өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борбору. Түштүк Морава облнун администрациялык борбору. Свитава жана Свратка дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Калкы 365,8 миң (2006), калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Прагадан кийин). Европадагы үч транспорт коридорунун кесилишкен жериндеги жолдор тоому. Брного жакын «Достук» нефть куурунун бир тармагы өтөт. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Машина куруу (түтүк, трактор жана станок куруу, химиялык өнөр жайына жабдуу жана башкалар), жүн, тамак-аш, эмерек, полиграфиялык өнөр жайы бар. Жыл сайын эл аралык өнөр жай (негизинен машина) ярмаркасы өткөрүлөт. Чех Илимдер академиясынын филиалы, музыкалык искусство академиясы, Морава музейи, университет бар.
Сепил катары 11-кылымда пайда болгон. 11-кылымдын аягынан Пржемыслович уделдүү княздыгынын администрациялык борбору; 12-кылымдын аягынан Морава маркграфынын резиденциясы; 1243-жылдан королдук эркин шаар. 1526–1918-ж. Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 13–18-кылымдагы архитектура эстеликтери (13-кылым. Шпильберк дөңсөөсүндөгү сепил), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Пётр, Ыйык Якуб), Эски (14–16-кылым) жана Жаңы (16–18-кылым) ратуша сакталган. Эл аралык өнөр жай ярмакалары өткөрүлүүчү павильон комплекстери (1927–28), М. Махованын үйү (1930), Морава банкы (1930–31), почтамп (1038), Тугендхайт вилласы (1930–31; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4