Булчуңдар

Wikipedia дан
Skeletal muscle.jpg

Булчуңдар - адамдын, бардык омурткалуу жаныбарлардын жана көпчүлүк омурткасыздардын денесин кыймыл-аракетке келтирүүчү органдар (же алардын мүчөлөрү).

Булчуңдардын кыймылы аркылуу ар кандай кызмат аткарылат. Булчуңдар жылма жана туура тил-келүү болуп бөлүнөт. Көпчүлүк омурткасыз жаныбарлардын Булчуңдары жана омурткалуу жаныбарлар менен адамдардын кан тамыры, ички органдары (жүрөктөн башкасы) жыл макай Булчуңдардан турат. Адамдын, ошондой эле. омурткалуу жана кээ бир омурткасыз жаныбарлардын тулку бою менен жүрөгү туура тилкелүү Булчуңдардан турат. Адамдын Булчуңдар аткарган кызматы боюнча баш, моюн менен тулку бойду, ийин кырчоосу менен кол сегменттерин жана жамбаш кырчоосу менен бут сегменттерин кыймылга келтирүүчү топтон турат.

Адамдын денесинде 327 түгөйлүү жана 2 түгөйсүз Булчуңдар, бар. Ар бир булчуң көп сандаган булчуң жипчелеринен туруп, сыртынан өзүнчө чарым менен капталган. Алар сөөктөргө тарамыш аркылуу бекийт. Булчуңдардын эң негизги кызматы жана касиети - алардын кыскарып, кыймылга келиши. Нерв импульстарынын таасири менен алар чоюлуп, узундугун жана көлөмүн өзгөртөт. Булчуңдардын жыйрылышы андагы козголууга байланыштуу. Жыйрылуу жалгыз гана булчуңга тиешелүү, ал эми козголуу нерв ж. б. ткандарга да мүнөздүү. Бардык эркин кыймылдар өз ара байланыштуу жана татаал, шарттуу жана шартсыз рефлекстер менен жөнгө салынып турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.