Буралма бет
Көрүнүш
(«Буралма бет,» барагынан багытталды)
Буралма бет, геликоид – ОО, кыймылсыз октун айланасында турактуу бурчтук ылдамдык менен айлангандагы жана бир эле убакта ошол окту бойлой алга жылуудагы L ийри сызыгы менен сүрөттөлөт. Эгер L ийри сызыгы айлануу огунун тегиздигинде жатса жана z=f(u) теңдемеси менен аныкталса, анда буралма беттин радиус-вектору: r ={ucosv, usinv, f(u)+h(v)}, h=const ал эми анын сызыктуу элементи: ds2=(1+f'2)du2+2hf'dudv + +(u2+h2)dv2 болот. Эгер f=const, башкача айтканда буралма бет түз сызык менен сүрөттөлсө, анда ал геликоид деп аталат. Эгер h=0 болсо, анда Б. б. айлануу бети деп аталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4