БУУ Башкы Ассамблеясы

Википедия дан
Буунун башкы ассамблеясы‎»‎ барагынан багытталды)

Буунун башкы ассамблеясы – БУУнун башкы органдарынын бири. Ал мүчө болгон мамлекеттерден туруп, БУУ Уставы боюнча баардыгы бирдей укукка ээ. Ал кеңири укуктарга ээ. БУУ Уставына ылайык, ал баардык маселени же ишти, анын ичинде БУУнун башка баардык органдарына ишмилдеттери менен ыйгарым укуктарына тийешелүү маселелерди, алтургай, 12-статьяда каралгандардан сырткары, ушу сыяктуу баардык маселелер же иштер боюнча БУУ мүчөлөрү жана/же БУУнун Коопсуздук кеңешине кеңеш берүү менен, аны талкуулай алат (10-ст.). Эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, анын ичинде куралсыздандыруу жана куралданууну жөнгө салуу, ал маселелер боюнча өзүнүн кеңешин берүү ишчараларынын жалпы принциптерин кароо ыйгарым укугуна ээ. Каалаган мамлекет же Коопсуздук Кеңеши алдыга койгон эларалык тынчтыкты жана коргоого тийешелүү баардык маселелерди талкуулап чыгып, ал маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттер менен Коопсуздук Кеңешине кеңеш берүүгө да акылуу. Коопсуздук Кеңешинин кепилдик сунушу боюнча БУУнун Башкы катчысы шайланат. БУУга жаңы мүчөлөр кабыл алынат, мүчө мамлекеттердин аргандай укуктары менен артыкчылыктары токтотулат.

== Колдонулган адабияттар ==