Бухгалтериялык баланс

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бухгалтериялык баланс – ишканалардын, бирикмелердин, чарбалык уюмдардын жана мекемелердин абалын, жайгаштырылышын, каражаттардын пайдаланылышын жана булактарын чагылдыруучу бухгалтериялык отчёттун бир түрү. Бухгалтериялык баланс ишкана, уюм пайдалануучу ресурстар жөнүндө толук маалыматты камтыйт. Бухгалтериялык баланстын сол бөлүгүндө (актив) ресурстардын экономикалык маңызын, жайгашкан ордун, пайдаланылышын чагылдыруучу тобу берилет. Активде негизги фонддор, материалдар запасы, отун, бүтө элек өндүрүштүн көлөмү, даяр продукция, түшүрүлгөн товарлар, кассадагы жана эсеп счётундагы акча каражаттарынын калдыгы, дебитордук карыз тууралуу маалымат камтылат. Активде чагылдырылган ресурстарды калыптандырууда пайдаланылган финансы булактары, банкка (алган ссудалары боюнча), жумушчуларга жана кызматкерлерге (эмгек акысы боюнча), профсоюзга (социалдык камсыздандырууга чегерүү боюнча), башка ишканаларга карыздары көрсөтүлөт. Пассивде ишкананын өздүк каражаттары (уставдык фонд), пайда, амортизациялык фонд жана башка берилет. Позицияларынын ар түрдүүлүгүнө карабастан активде жана пассивде бирдей эле ресурстар каралат, ошондуктан Бухгалтериялык баланстагы активдүү жана пассивдүү бөлүктөрдүн жыйынтыгы сөзсүз дал келет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]