Ванкувер

Википедия дан
Ванкувер (шаар)‎»‎ барагынан багытталды)
Ванкувер

ВанкуверКанаданын Түштүк-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 1,8 млн (2006; агломерациясында 2,1 млн).

Ванкувер — провинциянын илимий, маданий, ишкердик жана туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деңиз порту (жылына 76,5 млн о жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-жылы пайда болгон Гранвилл тургун жайы 1886-жылы шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англисче деңиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-кылымдын аягынан В. Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаңы классика стилиндеги турак-жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Университеттер, музейлер, сүрөт галерееясы, театрлар бар. Улуттук искусство борбору. Жыл сайын эл аралык кинофестиваль жана 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]