Владимир Васильев

Википедия дан
Васильев Владимир Яковлевич‎»‎ барагынан багытталды)

Васильев Владимир Яковлевич [15(28).6.1907, Киев — 3.4.1977, Фрунзе] — режиссёр, Кыргыз ССР эл артисти (1958). Москвадагы театр студиясын (1924—27), ГИТИСти (1930—35) бүтүргөн. Васильевдин өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз театр өнөрү менен байланышкан. Ал улуттук музыкалык театр менен опера искусствосунун өнүгүшүнө режиссёр жана педагог катары салым кошкон. Васильев дүйнөлүк, орус жана кыргыз авторлорунун 30дан ашык спектаклин койгон. Алар: «Алтын кыз» (1936), «Айчүрөк» (1939), «Манас» (А. Куттубаев менен бирге, 1946), «Карганын маткеси» (1950), «Риголетто» (1953), «Аида» (1960), «Оптимисттик трагедия» (1965), «Белгисиз солдат» (1967) жана башка Эки Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]