Вера Васильева

Википедия дан
Вера Васильева

Васильева Вера Кузьминична (30.9.1925-жылы туулган, Москва) СССР эл артисти (1986). 1948-жылы Москва театр окуу жайын бүтүргөн. Москва сатира театрында иштеп, лирикалык образдардан баштап, бара-бара драмалык ролдорго өткөн: Лиза Синичкина (А. М. Бонди жана Д. Т. Ленский, «Лев Гурыч Синичкин»), Ольга Степанова (Н. М. Дьяконова, «Сеп менен үйлөнүү той», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951), графиня Альмавива (П. Бомарше, «Алаңгазар күн же Фигаронун үйлөнүүсү»), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү»), Вишневская, Домна Пантелевна (А. Н. Островский, «Кирешелүү жай», «Таланттар жана таазим этүүчүлөр»), Эстер (Ж. Кокто, «Касиеттүү желмогуздар») жана башка актрисанын аткаруучулук манерасына лиризм, сүйкүмдүүлүк, курч мүнөздүүлүк таандык. «Сибирь жери жөнүндө аңгеме» (СССР мамлекеттик сыйлык, 1948), «Жашы жетпегендер» жана башка фильмдерге тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]