Мазмунга өтүү

Михаил Гаврилов

Википедия дан
Гаврилов Михаил Филипович‎»‎ барагынан багытталды)

Гаврилов Михаил Филипович, түрколог, тарыхчы-этнограф, Орто Азиянын калктарынын тарыхы, этнографиясы, салтуу маданияты боюнча илимий эмгектерин жазган, өз мезгилиндеги таанымал изилдөөчүлөрдөн болгон. Кыргыздар, казактар, өзбектер, сарттар (түрктөшкөн, отурукташкан перстер, ирандар) боюнча бир катар илимий макалалардын автору. Орто Азия жергесинде туулгандыктан жергиликтүү калктардын тилдерин, үрп-адаттарын, салттуу маданиятын жакшы билген. 1884-ж. Ташкент шаарында туулган. Жергиликтүү гимназияны аяктагандан сон, Казань университетинин укуктаануу факультетине келип кирет, андан соң Швейцариядагы Сен-Галлен коммерциялык академиясында билимин уланткан. 1907-ж. Санкт-Петербург университетинин Чыгыш тилдери факультетинин студенти, белгилүү окумуштуу А.Н.Самойловичтин окуучусу болуп, таалимин алат. Окууну 1-даражадагы диплом менен аяктап, түрк-татар филология бөлүмүнө окутуучу катары калтырылат, бирок, үй бүлөлүк шартка жараша Ташкентке кайтып келүүгө мажбур болот. Кокондогу пахта биржасында классификатор, 1920-ж. крайдагы азык-түлүктү даярдоо жана камдоо жетекчиси, Түркстан АССРинин соода жана кооперация системасында кызматтарды аткарат. Крайдагы экономикалык маселелер боюнча макалаларды байма-бай жарыялап турган. Ошол эле учурда этнографиялык иликтөөлөрдү унутта калтырбай, коллекцияларды жыйнап, кол жазмаларды топтоп, иретке келтирген. Топтолгон бай коллекцияны Түркстан китепканасына тапшырган. 1924-ж. Түркстан Чыгыш институтунда өзбек тили жана адабиятынан сабак берет. Ал өзбек тилин эң мыкты өздөштүргөн. 1926-1927 жж. Чыгыштаануу факультетениде декан, 1929-ж. педагогикалык факултететте доценттик милдетти аткарган. 1926-ж Бүткүл союздук Түркологиялык съездин (Баку шаарында болуп өткөн) делегаты болгон. Өзүнө тилектеш Бартольддук мектептин окумуштуулары менен биргеликте чыгыштаануу илимин саясатташтырууга каршы күрөшкөн. 1931-ж. 7-майда САГУнун 11 профессору жана доценттери менен камакка алынып, октябрь айында кайрадан түрмөдөн бошотулат. 1932-ж. январь айынын аягында мурдагы шектелген кесиптешетери менен кайрадан камакка алынып, Казакстанга 3 жылга сүргүнгө айдалат. Бир аз убакыттан соң, Алматы шаарында илимий ишин улантып, А.С.Пушкин атындагы китепкананын сейрек кездешүүчү китептер фонддун негиздейт. Шаардагы музейлер, окуу жайлар менен жигердүү кызматташат. 1938-ж. 7-февралында камакка алынып, 1938-ж 19-сентябрында атууга өкүм кылынган. 1989-ж. кайрадан акталган. М.Ф.Гаврилов Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыздардын этнографиясы боюнча да бир катар илимий эмгектерди жазгандыгы маалым.

Негизги эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Перепелиный спорт у ташкентских сартов // ЖС. 1909. Вып. 2/3. С. 47-51;
  2. Книга персидских женщин: (Китаби Кумсум-наме) / Пер. с франц. яз. под ред. М. Гаврилова. Ташкент, 1912;
  3. Рисоля сартовских ремесленников: Иссл-ние преданий мусульм. цехов. Ташкент, 1912 (рец. А. Н. Самойловича: ЖС. 1914. Вып. 1/2);
  4. Этнографический обзор Туркестана // Очерки хозяйственной жизни Туркреспублики. Ташкент, 1921. С. 21-35;
  5. Страничка из истории Якуб-бека Бадаулета - правителя Кашгарии: (По рукописному свитку Среднеаз. гос. биб-ки в Ташкенте) // Бартольд, 1927. С. 125-132;
  6. Ткацкое искусство узбекской женщины с. Милябада // НХСА. 1927. № 1. С. 46-54; Среднеазиатский поэт и суфий Хувайдо. Ташкент, 1927;
  7. Киргизские скороговорки // Бюллетень САГУ. 1927. Вып. 16. С. 35-38;
  8. Манап // Современный аул Средней Азии: Соц.-эк. очерк. Ташкент, 1927. Вып. 10. С. 201-215;
  9. Кукольный театр Узбекистана. Ташкент, 1928;
  10. О ремесленных цехах Средней Азии и их статутах - рисоля // ИСКМОПСИП. 1928. Вып. 3. С. 223-241;
  11. Орнамент киргиз Сусамыра. Ташкент, 1929;
  12. Материалы к этнографии "тюрок" Ура-Тюбинского района // Труды САГУ. Сер. 2: Orientalia. 1929. Вып. 2. С. 3-23;
  13. Остатки ясы и юсуна у узбеков. Ташкент, 1929;
  14. Быт казаков-колхозников Шаульдерского района Южно-Казакстанской области // Советское краеведение. 1935. № 10. С. 109-112.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015