Гиббс фазалар эрежеси (фазалар эрежеси)

Википедия дан

Гиббс фазалар эрежеси (фазалар эрежеси) – мурда болгон фазалардын санын (φ) өзгөртпөй туруп, каалаган термодинамикалык тең сал-мактуулуктагы системанын абалын мүнөздөгөн, өзгөртүүгө боло турган, параметрлердин саны (f) төмөндөгүдөй туюнтма менен аныкталат: f=k+n+φ, мында k – системанын компоненттеринин саны, n – бардык фазаларда (көбүнчө температура Т жана басым P) бирдей маанилерге ээ болгон системанын абалын мүнөздөгөн параметрлердин саны. Кээ бир учурларда f чоңдугун системанын варианттуулугу деп да аташат.

Фазалар эрежесин Ж.У.Гиббс, термодинамикалык теңсалмактуу абалдагы көп компоненттүү система үчүн 1876-ж. чыгарган. Эреже төмөнкүдөй шарттарда туура: 1) фазалар жетишерлик чоң көлөмгө ээ болгондуктан, беттик кубулуштарды эске албаганда; 2) системанын ар бир компоненти фазалар бөлүнгөн бет аркылуу өтө алганда. Эгерде теңсалмактуулук абал эки параметр (мис., Т жана Р) аркылуу аныкталса, f=k+2-φ болот. Ал эми f<0 болсо физикалык мааниге ээ болбойт, демек, φ≤k+2, б. а. теңсалмактуулук абалдагы фазалардын саны көзкаранды эмес компоненттеринин санынан 2ден чоң санга ашпашы керек. Белгилүү сандагы компоненттерден турган, теңсалмактуу абалдагы системанын эң чоң мүмкүн болгон фазаларынын (φmax) саны f=0 шартынан табылат. Суу үчүн k=1, φmax=3 (теңсалмактуулук абалда буу, муз, суу болот), суу жана туз үчүн k=2, φmax=4 (туз, муз, суюк эритме, буу) ж. б. Г.ф.э. металлургия, петрографияда, химиялык технологияда көп компоненттүү гетерогендик системаларды изилдөөдө колдонулат, себеби көп компоненттүү системалардын мүмкүн болгон фазаларынын жана эркин даража сандарын эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]