Гельминттер

Википедия дан
Глисттер‎»‎ барагынан багытталды)
Enterobius sp.

Гельминттер (байыркы грек. ἕλμινθος - мите-курт) — киши, жаныбар жана өсүмдүктөрдүн мите-куртуу ооруларын (гельминтоздорду) козгоочу мите курттар.

Гельминттерге төмөнкү түрдөгү курттар кирет:

  1. жалпак курттар (трематоддор же соргуч курттар жана цестоддор же тасма курттар);
  2. жумуру курттар же нематоддор (аскаридалар, жүн баштар, чүчөк курттар, анкилостомиддер, трихинеллалар жана башка);
  3. тикен баш курттар;
  4. муунак курттар.

Өөрчүү кайталанмасына жараша гельминттер биогельминттер жана геогельминттер болуп бөлүнөт.

Биогельминттер аралык ээсинин (гельминттердин жумурткасы жана личинкасы өөрчүүчү киши же жаныбар жана акыркы ээсинин (гельминт жыныстык жактан жетилет) организминде өөрчүйт.

Геогельминттердин личинкасынын мителенүү өсүү баскычы (киши организминде мителик кылууга чейин) ээсинин организминен сырткары, демейде топуракта өтөт. Киши гельминттердин жумурткасын же личинкасын тамак менен жеп алганда жугат. Кээ бир түрлөрүнүн личинкалары тери аркылуу (анкилостомиддердики) же курт-кумурскалар чакканда (филляриялар) жугат. Гельминттер суткасына миңдеген жана он миңдеген жумуртка же личинка таштайт. Гельминттер бүт жер шарында тарап, кишинин ден соолугуна, балыктарга жана өсүмдүктөргө зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Калып:Bio-stub