Грегор Мендел

Википедия дан
Грегор Мендель‎»‎ барагынан багытталды)
Грегор Иоганн Мендель.

Мендель Грегор Иоганн [22. 7. 1822, Австрия-Венгрия, Хейнцендроф (азыркы Чехия, Гинчище) –6. 1. 1884, Австрия-Венгрия, Брюн (азыркы Чехия), Брно] – австриялык табият таануучу, тукум куугучтук жөнүндөгү окуунун – менделизмдин негиз салуучусу. 1843-жылы Ольмюц университетинин философия классын бүтүргөн. 1849-жылдан орто мектепке табият таануу жана физикадан сабак берген. 1851–53-жылдары Вена университетинде окуп, физика, ботаника, палеонтология жана анализ химиясын үйрөнгөн. 1856–63-жылдары буурчактын 22 сортун аргындаштыруу боюнча кеңири тажрыйба жүргүзгөн. 1865-жылы ал тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча Брнодогу табият таануучулар коомунда баяндама жасаган. Мында ал тукум куугучтуктун факторлорунун эркин ажыроо жана айкалышуу закон ченемин 1-жолу негиздеген. Бул закон ченем тукум куугуч жөнүндөгү окуунун негизин түзүп, Мендель закондору деп аталган. Бирок Менделдин бул эмгеги өзү тирүү кезинде кабыл алынбай, көмүскөдө калган. 1900-жылы гана жалпыга таанылып, бааланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]