Гүлсарат (повести)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

“Гүлсарат”– социалдык планда өтө курч жазылган чыгарма. Ч. Айтматовдун бул повести биринчи жолу 1966-ж. орус тилинде “Новый мир” журналында (№3санына) жарык көргөн.

Жазуучунун ою[оңдоо | булагын оңдоо]

Жазуучу бул повести туурасында мындай деген: “Гүлсарат” бир чети эң чоң чыгармачылыкка канагат алып келсе, бир чети аябагандай көркөм машакат да чектирди десем болоор. Бул повестте мен мурунку чыгармаларымда козголбогон башкача ойлорду айткым келди. Бул повестте азыркы мезгилдеги улуттук турмуштун картинасын сүрөттөп бере алдым деп ойлойм, ушунусу менен ал мага кымбат. Мен мында улуттук “орнаментти” түзүүгө эмес, улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдырууга, социалдык конфликттердин, карама-каршылыктардын түпкү маңызын иликтөөгө аракеттендим”.
Ошентип “Гүлсарат” повестинин идеялык-тематикалык өзөгүн автородун өз сөзү менен айтканда “улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдыруу, социалдык конфликттердин түпкү маңызын иликтөө” түзгөн. Бул повесть искусстводо соцреализм методу өкүм сүрүп турган учурда авторитардык бийликтин советтик системада орун алган терс жактарын сынга алууга батынган, жаңыча ойлонуунун добулбасын алгачкылардан болуп калып, элди айдамачылыктын, маңкуртчулуктун сазынан бошонууга чакырган чыгарма. Ошол мезгилдеги саясий-пропагандалык чакырык максатында жазылган көпчүлүк чыгармалардан айырмаланып “Гүлсарат” ачык декларативдүүлүктүн, алдын-ала белгилүү схематизмдин изи көрүнбөйт. Андагы “чакырык” бүтүндөй чыгарманын көркөм тканына – сюжеттик өзөккө, образдар системасына терең сиңдирилген.

Чыгармада башкы кармармандар[оңдоо | булагын оңдоо]

Чыгарманын башкы каарманы Танабай Бакасов. Танабай-ойчул каарман, идеянын каарманы. Анын коом, өткөн учур, келечек, мезгил жөнүндөгү ойлору, тынчын алган суроолору бара-бара жөнөкөйдөн татаалга өтөт, масштабы артат. Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине өтүп, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.

Гүлсараттын образы[оңдоо | булагын оңдоо]

Повестте Гүлсарынын образына чоң поэтикалык жүк жүктөлгөн. Гүлсараттай чыгарма жок, болсо – жарым жан. Гүлсары – сулуулуктун, аруулуктун, көркөмдүктүн, поэтикалык эргүүнүн символу. Жазуучунун калеминен жаралган Гүлсары – Танабайга дем берген, эргүү берген, бул жашоого сонуркаткан көркөм дүйнө. Ал аркылуу Танабайдын адамдык ажайып сапаттары ачылат, пенделик жазмышы ашкереленет. Чыгарманын чегинде ал аркылуу көркөм дүйнөгө карата коомдук түшүнүк, көз караш аныкталат. Гүлсарат – табият тарабынан берилген өзгөчө касиеттик (таланттын) ээси. Ал эми ага карата чыгармадагы мамлекеттик-партиялык “жетекчилерибиздин” мамилеси супсак прагматикалык керектөөчүлүктөн алыстабайт. Эгер ал (асылдык – Гүлсары – талант) алардын бийлигине баш ийбесе, аларга кызмат кылбаса аны жазалашат, “кишендешет”, “камашат”, ага да көнбөсө “актап салышат”. Ак ниет коммунист Танабайдын каршысында мансапкор партиялык жетекчилер Сегизбаев, Кашкатаев, Алданов, Ыбрайымдардын образдарын жаратуу менен Ч. Айтматов кыргыз адабиятындагы традициялуу коммунист жетекчинин идеялизацияланган образы туурасындагы советтик окуучулардын иллюзиясын бузду. “Доордун акылы, ар-намысы” деп эсептелген партиянын жетекчилерин терс кайрык менен сүрөттөөгө ал учурда ар бир эле жазуучу батына бербейт эле Ч. Айтматов болгондо да райкомдун биринчи секретары Кашкатаев менен советтик закондуулукту коргоочу прокурор Сегизбаевдердин образдарын партбюронун жүрүшүндө терең жана таасирдүү сүрөттөө аркылуу алардын культка айлантылган партиялык абройго жашырылган бет пардасын сыйрып ачып берген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]