Дамдинсур Эн Цэндийн

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
TsendiinDamdinsuren.jpg

Дамдинсур Эн Цэндийн (14. 9. 1908, азыркы Чыгыш аймагы – 27.5.1986, Улан-Батор) – моңгол жазуучусу жана илимпоз. Азыркы моңгол адабиятын баштоочулардын бири. Чыгармалары 1926-жылдан жарыялана баштаган. «Түрткүнчүк кыз» (1929) повести – жаңы моңгол прозасындагы туңгуч ири чыгарма. «Ак чач энем» поэмасынын (1934), «Таң каларлык үйлөнүү тою» (1966), «Алтын казык», «Экөө тең менин уулум», «Тилек жөнүндө жомок» жана башка аңгеме жыйнактарынын автору. Ошондой эле анын «Гэсэриа данын тарыхый тамырлары» (1957), «Моңгол көркөм адабиятынын обзору», «“Рамаяна” Моңголияда» (1976) жана башка илимий эмгектери бар. Адабият менен илимдеги ишмердиги үчүн Моңголиянын мамлекеттик сыйлыгы берилген (1946, 1948, 1951).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстан: энциклопедия
  • Михайлов Г. И. Очерк истории современной монгольской литературы. М., 1955.