Де-Факто (гезит)

Википедия дан
Де Факто, кыргызча гезит‎»‎ барагынан багытталды)

“Де-Факто” гезити – Кыргызстандагы постсоветтик доордо пайда болгон эркин басылмалардын бири. Ал 2007-жылы негизделген.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21-кылымдагы Кыргызстандагы кирил жазмасындагы эркин басылмалардын бири – “Де Факто” (De Facto) гезитинин туңгуч саны 2007-жылы жалган куран (март) айынын 1инде жарык көргөн.

Жеңишбек Эдигеев. 27.5.2013.
Чолпон Орозобекова. 11.8.2006.

Анын негиздөөчүлөрү – эркин журналисттер Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев.
Алар бул гезитти 2012-жылдын август айында башка кожоюнга сатышты.

“Де Факто” гезити өзүнүн ачык, айкын, көз каранды эмес туруму үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда куугунтукка учурап, ал түгүл убактылуу жабылууга дуушарланган.

2010-жылкы 7-апрел ыңкылабынан кийин гана гезит кайрадан жарык көрө баштаган.

Колдонулган адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]