Домье Оноре Викторьен

Википедия дан
Домье, Оноре Викторьен‎»‎ барагынан багытталды)

Домье Оноре Викторьен (26. 2. 1808, Марсель 11. 2. 1879, Парижге жакын, Вальмондуа) француз графиги, живописчи жана скульптор. 1814-жылдан Парижде жашаган, сүрөттөн жана живопистен сабак алган. Сын реализминин өкүлү, демократиялык кыймыл менен тыгыз байланыштуу сатиралык сүрөттүн жана литографиянын чебери болгон. 1830-жылдагы революциядан кийин карикатуранын чебери катары таанылган. Литографиялык портрет-шарждарында, ксилографиялык чыгармаларында Домье жумушчулар менен революциячылардын образын жараткан («Закон уюткусу», «Басма сөз эркиндиги», «1834-жылдын 15-апрелиндеги Транснонен көчөсү»). Домьенин алгачкы литографиялык чыгармалары саясый жыйынтыгынын таамайлыгы, терең мазмуну менен көңүлдү бурган. Саясий карикатурага тыюу салынгандан кийин (1835) Домье турмуш сатирасында иштеп, дүнүйөкор соттор менен чиновниктерди сынга алган («Карикатюран» сериясы, 1836-38; «Мыйзамчылар», 1834; «Боорукер буржуйлар», 1846-49). 60-70-жылдары саясий сатирага кайрадан кайрылган. Домьенин чыгармаларында карапайым адамдардын образы да кеңири орун алган. Домьенин чыгармачылыгы пролетардык азатчыл козголоң менен тыгыз байланыштуу («Козголоң», 1848; «Баррикададагы үй-бүлө», Улуттук гал., Прага). Домье живописте жана скульптурада драматизм менен сатираны, баатырдык менен гротексти айкалыштырган («Дон Кихот», 1868, Жаңы пинакотека, Мюнхен). Прогрессчил искусствого зор салым кошкон XIX кылымдагы сынчыл реализмдин өкүлү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]