Павел Дыбенко

Википедия дан
Дыбенко, Павел Ефимович‎»‎ барагынан багытталды)

Дыбенко Павел Ефимович - (16(28). 2. 1889-29. 7. 1938) - советтик аскер ишмери, 2-рангадагы командари (1935).

1912-жылдан Компартия мүчөсү. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн. Революциялык ишке 1907-жылдан катышкан. 1911- жылдан Балтика флотунда. 1915-ж. «Император Павел I» линкорунун согушка каршы чыккан матросторунун жетекчилеринен.

Алты ай камакта отуруп, согушка жөнөтүлөт. Согушка каршы үгүт-насаат жүргүзгөндүгү үчүн кайта камалат. 1917-ж. Февр. революциясынан кийип бошонот. Гельсингфорс советинин мүчөсү, 1917-жылдын апрелинен Центробалттын төрагасы. Петроградда Октбярь куралдуу көтөрүлүшүн даярдоого активдүү катышат. Петроград аскер революциячыл комитетинин мүчөсү, революциялык матросторду уюштуруу жана согуш кемелерин борборго жөнөтүү ишин жетектеген. Петроградга Краснов-Керенский аскерлери чабуул жасаганда Красное Село менен Гатчинадагы отряддарды башкарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.