Александр Дюма

Википедия дан
Дюа Александр‎»‎ барагынан багытталды)
Александр Дюма (1855).

Дюма Александр - (фр. Alexandre Dumas, /duːmˈɑː, djuː-/, фран. [alɛksɑ̃dʁ dyma], 24.7.1802, Францпя, Вилер-Котре - 5.12.1870, Пюи) француз жазуучусу. Чыгармачылыгын 1825-жылы драматургия жанрында баштаган. Адабий айдыңга француз романтикалык драмасынын алгачкы туундуларынын бири «Генрих III жана анын сарайы» аттуу пьесасы (1829) аркылуу кеңири таанылган. «Антони» (1831), «Нель мунарасы» (1832) жана башка пьесалары белгилүү. 1835-жылы «Бавариялык Изабелла» деп аталган алгачкы романы жарык көргөн. 19-кылымдын 40-жылдары «Үч мушкетёр» (фр. Les Trois Mousquetaires, 1844), «Жыйырма жыл өткөн соң» (Vingt ans après, 1845), «Виконт де Бражелон» (Le Vicomte de Bragelonne, 1848-50) романдары Париж гезиттеринде жарыяланган. Генрих Наваррский жөнүндө үчилтик («Королева Марго», 1845; «Монсоро ханым», 1846; «Кырк беш», 1847-48), «Граф Монте-Кристо» (Le Comte de Monte-Christo, 1845-46) романын, ошондой эле эскерүү, очерктерди да жазган. Бир катар чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]