Дөңбаев, Жеңиш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дөңбаев Жеңиш (1945-ж. т., Талас району, Кең-Арал айылы) — спортчу, СССР спортунун эркин күрөш боюнча чебери (1967), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыргычы (1981), СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1992).
1969-ж. Бишкек политехника институтун бүтүргөн.
1970-жылдан Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу. Ошол мектептин курама командасынын мүчөсү (1969—71).
Азыр Республиканын курама командасын жетектейт. «Буревестник» спорт коомунун борбордук совети менен СССР профсоюздарынын 9-спартакиадасынын (1969; алтын медаль) чемпиону.
1969-ж. эркин күрөш боюнча СССРдин курама командасынын мүчөсү болгон. Ал ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарды.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.