Дудко Фёдор Иванович
Дудко Фёдор Иванович - (25. 9. 1903-жылы туулган, Сума облусу Тростянецк району, Гребениковка кыштагы) Даңк орденинин толук кавалери. Советтик Армияга Токмок шаарынан 1941-жылы ноябрда чакырылган. 2-Украин, 1-Белорус фронтторуна, Курск салгылашына катышкан. Днепрден өтүүдө, Украина, Румыния, Польшаны бошотууда, Берлинди алууда баатырларча күрөшкөн. Шпаков (Украина) кыштагы үчүн болгон салгылашта душмандын танкалык 4 чабуулунун мизин кайтарышып, бир танкасын талкалаганы үчүн 3-даражадагы Даңк ордени менен, Скампе шаарынын (Чыгыш Померания) жанында 15 фашистти жок кылганы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, Берлиндин жанында болгон урушта душмандын бир нече пулемётун жок кылып, бронетранспортёрун күйгүзүп жибергени үчүн 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Дудко 2жана 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5