Темиржан Ержанов

Википедия дан
Ержанов, Темиржан‎»‎ барагынан багытталды)
Темиржан Ержанов. 2005.

Темиржан Ержанов (Temirzhan Yerzhanov) – ушул тапта АКШда жашап жаткан теги казак музыкант өнөрпоз, белгилүү пианист.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темиржан Ержанов Казакстанда туулган.


Орусиянын борбору Москва шаарында Борбордук Музыка Мектебинде, андан соң П.И.Чайковский атындагы консерваторияда таалим алган.

Бул консерваторияда анын устаты - профессор Михаил Воскресенский болгон.

Темиржан Ержанов П.И.Чайковский атындагы консерваторияда окутуучу болуп иштеген, андан соң АКШга көчүп кеткен.

"Сан Франциско Классикал Войс" сынчыларынын сурамжылоосунун негизинде, ал «2007-жылдагы мыкты аткаруучу» деген наамга арзыган.


Концерттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Соңку 15 жылдан ашуун убакыттан бери Темиржан Ержанов өз атажурту Казакстандан тышкары АКШ, Швейцария, Франция, Улуу Британия, Чехия, Орусия, Кыргызстан, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө концерттер берди.


"Шексиз түрдө ал пианисттердин арасында сейрек кездешчү феномен", - деп “Орфеус Интернэшнл” Темиржан Ержановду лейпцигдик Гевандхауз концерт залындагы алгачкы концерти үчүн жогору баалаган.

Казакстандын Алматы шаарында ал "Прокофьев. Алматы. 1942-1943" деп аталган программаны даярдаган. Айтылуу композитор Прокофьев Алматы шаарында жазган Фортепиано музыка чыгармаларынан турган бул концерт музыка ышкыбоздору тарабынан жылуу кабыл алынды.

2008-жылы 27-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында белгилүү пианист, эл аралык сынактардын лауреаты Темиржан Ержановдун жаңы жылды утурлаган жеке концерти өткөн. Анда Р. Шуман, С. Прокофьевдин ж.б. чыгармалары аткарылып, кыргыз музыка сүйүүчүлөрү тарабынан жылуу кабыл алынган.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жары, таанымал пианист Клара Чотоева (Klara Tchotoeva) (Temirzhan Yerzhanov) менен бирге жана өз алдынча бир канча компакт-диск жарыялаган.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]