Ерофеев Венедикт Васильевич

Википедия дан
Ерофеев, Венедикт Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)
Венедикт Ерофеев
Туулган жери:

Нива-3 кыштагы, Кандалакша шаардык кеңеши, Мурманск облусу, РСФСР, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Ишмердүүлүгү:

{{{Ишмердүүлүгү}}}

Багыты:

постмодернизм

http://www.moskva-petushki.ru/

Венедикт Васильевич Ерофеев (орусча: Венеди́кт Васи́льевич Ерофе́ев; англисче: Venedikt Yerofeyev) (24-октябрь, 1938-жыл, Нива-3, Кандалакша, Мурманск облусу, Орусия — 11-май, 1990-жыл, Москва) — Орусиядагы совет доорундагы пост-модернист жазуучулардын жана диссиденттердин бири, «Москва — Петушки» прозадагы поэмасынын автору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Венедикт Ерофеев 1938-жылдын 24-октябрында мурдагы СССРге караштуу РСФСРде ГЭС курулушчуларынын «Нива-3» кыштагында туулган, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүктө Карелия АССРине караштуу Лоух районундагы Чупа темир жол бекетинде туулган деп көрсөтүлгөн.

Атасы Василий Васильевич Ерофеев (1956-жылы өлгөн) темир жол бекетинин башчысы болуп иштеген, бирок жазыксыз жерден 1945-51-жылдары «антисоветтик үгүт жүргүздү» деген жалаа менен кесилип, ГУЛагда болгон. Венедикт үй-бүлөдө алтынчы бала болгон. Энеси - Анна Андреевна Ерофеева (1972-жылы өлгөн), кыз кезиндеги тегаты – Гущина, үй кызматкери болгон.

Атасынын айдалып кеткенине байланыштуу, Венедикт (Веничка) бала чагынын көп бөлүгүн Кольск жарым аралындагы Кировск шаарындагы балдар үйүндө өткөргөн.

Орто мектепти алтын медал менен аяктаган. Бирок атасынын абакка кесилгенине байланыштуу, улам бир жогорку окуу жайы аны студенттердин катарынан чыгарып турган.

Венедикт жашынан эле эрудициясы жана адабий мураска кумары менен айырмаланган.

1955-57-жылдары Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филология факультетинде окуган. Атасына байланыштуу, бирок башка себепке шылтоо кылынып окуудан чыгарылган.

1959-60-жылдары Орехово-Зуеводогу пединститутта (ОЗПИ) окуган.

1959-жылдын октябрь айынын ортосунда алгачкы жолу Юлия Рунова менен кыска убакытка жолуккан.

1959-жылы 4-декабрда ОЗПИнин жатаканасынын 22-бөлмөсүндө Венедикт менен Юлия «расмий» таанышат. Дал ушул күндү алар өмүр бою эң жакшы күн катары эстеп жана белгилеп жүрүшкөн.

Венедикттин Юлия Руновага махабаты өөрчүп, ал дагы аны жакшы көрөөрүн айтып, бирок жазмыштын кесепетинен алар эч үйлөнүшкөн эмес.

1960-жылы 19-октябрда В. Ерофеев ОЗПИдеги окуусунан «академкарызы жана системалуу түрдө эмгек тартибин бузгандыгы үчүн» деген доо менен чыгарылат.

1961-62-жылдары Владимир мамлекеттик университетинде, 1962-63-жылдары Коломенск мамлекеттик педагогикалык институтунда окуган.

1962-жылы 24-сентябрда Коломенск пединститутунун ректору В.Аксеновдун № 136 буйругуна ылайык, Венедикт бул окуу жайдын тарых-филология факультетинин 2-курсуна «которуп алуунун негизинде» студент болуп кабыл алынат.

Анын жатаканасына Валентина Зимакова деген студент кыз бир нече жолу келип кетет.

1962-жылдын сентябрынын соңунда окуу жайдын комсомолдук уюму студентка Валентина Зимакованын жекече ишин карап, аны окуу жайдан чыгаруу тууралуу сунушту кабыл алат. Анын иши ВЛКСМдин жергиликтүү райкомунда да каралган.

1962-жылдын 1-октябрында Аладимир мамлекеттик пединститутунун (ВГПИ) студенткасы Валентина Зимакова күнөөсүн моюнга алган кат жазып, мындан ары Ерофеев менен жолукпаска убада кылат. ВГПИнин Я-41 тобундагы студенттер Валентинаны институтта калтыруу тууралуу чечимди колдошот.

1964-жылдын июнунун соңунда Валентина Владимир пединститутун аяктап, Мышлино кыштагына келет. Ал Владимир облусунун Петушино районуна караштуу Караваев орто мектебинде немис тилинен сабак бере баштайт.

Бул кыштакка В. Ерофеев да улам каттай баштаган.

Венедикт андан кийин дагы узак жылдар бою эч жерде каттала албай улам бир жайга көчүп-конуп жашаган. Мурдараак кара жумушта, бургулоочу, кароолчу, жүк ташыгыч болсо, кийинчерээк монтаждоочу, лаборант ж.б. жумуштарда иштеген.

Венедикт Орусиянын ар кыл аймактарында, Украинада, Борбордук Азияда иштеген, атасы ГУЛагда болгон жана өз оюн эркин сүйлөгөнү үчүн запкы көргөн миллиондогон орусиялык интеллектуалдардын инсандык азабын ал өз жон териси менен сезген.

1965-жылдын 1-ноябрында ашыгы Юлия Рунова аспирантураны аяктап, СССР ИАсынын Биофизика институтунда (1965-1974) Пущино шаарында иштей баштаган. Москвага улам каттап турган.

Юлия көбүнесе курбусу Валентина Еселеванын Перевиденовск чолок көчөсүндөгү жатаканасында калып турган. Бул жатаканада кээде Венедикт да туруп калаар эле. Венедикт Юлия менен жолуккан кездеринин биринде Валентина Зимакова менен да жолугушуп жүргөнүн, анын боюнда болуп калгандыгын ачык айтат.

1966-жылы 3-январда Ерофеев уулдуу болгон. Анын атын Венедикт Венедиктович деп коюшкан.

Ушундан соң гана, 1966-жылы февралда, Венедикт өз уулунун энеси Валентина Васильевна Зимакова (18.02.1942 — 19.05.2000) менен расмий никеге турган. Оболу алар Мышлино кыштагында кайненеси Наталья Кузьминична Зимакова менен чогуу турушкан.

Кийинчерээк (1975-жылы) Венедикт менен Валентина ажырашып кетишкен. Бирок Венедикт дайыма уулу үчүн кам көрүп турган.

1967-жылы ноябрда Венедикттин сүйгөнү Юлия Рунова Пущино шаарындагы академиялык шаарчада радиобиологиялык тармак боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1968-жылы октябрда Юлия Рунова Пущино шаарындагы академиялык шаарчада кесиптеши Михаил Виленчик менен баш кошот.

1968-жылы күзүндө В. Ерофеев Москвада Юрий жана Валентина Гудковдордун батиринде турат.

1969-жылдын 19-январында Ерофеев "Москва-Петушки" поэмасын жаза баштайт. Дал ошондо ал «өз стилин тапканын» сезген.

1969-жылы июлда Венедикт Москвадагы Тарыхый коомдук китепканада ырааттуу иштейт.

1969-жылы күзүндө алты айлык боюнда бар Юлия Рунова күйөөсү М.Виленчикке ажырашуу тууралуу сунушун айтат. Бирок күйөөсү анын сунушун четке кагат.

Ошол маалда Венедикт "Москва-Петушки" чыгармасынын үстүнөн ишин уланткан. Карызга да баткан кези болчу.

1969-жылы 29-ноябрда Юлия Рунова кыз төрөп, ага Вера деп ат койот. Ал күйөөсү менен бир батирде, бирок бири-биринен обочо бөлмөлөрдө жашап калышат.

1970-жылдын 6-мартында Венедикт Ерофеев «Москва-Петушки» аттуу кара сөз түрүндөгү поэмасын аяктаган.

Бул чыгарма Иерусалимдеги «АМИ» журналында 1973-жылы 300 нускада жарык көргөн.

Машинкада жазылган түрдө да таркатылган бул чыгарма тез эле коомчулуктун назарына түшөт. Мынчалык даңаза болоорун автор өзү да күткөн эмес болчу.

1975-жылы 15-октябрда Венедикт менен Валентина Зимакова биротоло (расмий түрдө) ажырашкан.

1975-жылы 21-декабрда Венедикт Ерофеев менен Галина Павловна Носова (1941—1993) нике курган. Галина ал учурда Борбордук статистика комитетинде кызматкер болчу. Анын экономика илимдеринин кандыдаты илимий даражасы да бар эле.

Москва шаарындагы Фрунзе районундагы никелешүү аркылуу гана Венедикт 1976-жылы борбор шаарда расмий катталып калган.

Ерофеевдин айтымында, ал 1972-жылы «Шостакович» романын жазган имиш, бирок бул романды электр поюзунда келе жатканда эки бөтөлкө «барматуха» (бормотуха) менен чогуу уурдатып жиберген имиш.

1981-жылдын 27-31-декабрында Венедикт сүйгөнү Юлия Рунованын батиринде аны менен убактылуу чогуу жашайт. Батирде жаңы жылдык балаты тигип, чогуу кооздошот.

1982-84-жылдары алкоголизмге каршы бир нече жолу дарыланат.

1984-жылы 31-декабрда жубайы Галина Носова экөөнүн батиринде Венедикт «Вальпургий түнү» пьесасын жаза баштаган. 1985-жылы январда ишин уланткан.

1985-жылдан тартып Венедикттин тамак (моюн) шишиги рак оорусуна айланат.

1985-жылдын апрель-май айларында ал «Вальпургий түнү, же Командордун кадамдары» («Вальпургиева ночь, или Шаги Командора» деген 5 көрүнүштөн турган трагедияны жазып бүтүргөн. Бул чыгарма оболу Париж шаарында 1985-жылы жарык көргөн («Континент» журналы, № 45).

Ошол эле жылы бул драманын серб тилиндеги котормосу Югославияда жарыяланган (Jerofejev, Venedikt. Valpurgijska noc ili Koraci Komandora. Prev. Aleksandr Badnjarevic. Novi Sad: Polja, 1985.).

Венедикттин «Москва-Петушки» аттуу кара сөз түрүндөгү поэмасы мурдагы СССРде 1988-89-жылдары «Трезвость и культура» журналында жарык көргөн. Мында сөгүнгөн сөздөрдүн ордуна көп чекит коюлган. Цензураланбаган варианты «Весть: Литературный альманах» аттуу альманахка 1989-жылы жарыяланган.

Венедикт Ерофеев 1990-жылы 11-майда таңкы саат 7.45те Москва шаарындагы Н.Н.Блохин атындагы Бүткүл союздук онкология борборунда дүйнөдөн кайтат.

Анын сөөгү 16-майда Москва шаарындагы Кунцево көрүстөнүнө коюлган.

Үй-бүлөлүк турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беги, Веничка, беги! (2009).

Венедикт эки ирет үйлөнгөн.

1966-жылы Ерофеев уулдуу болгон. Анын атын Венедикт Венедиктович деп койгон. Ушундан соң гана уулунун энеси Валентина Васильевна Зимакова (1942—2000) менен расмий никеге турган. Кийинчерээк алар ажырашып кетишкен.

Экинчи жубайы Галина Павловна Носова (1941—1993) күйөөсүнө берилген зайып болгон.

Ал күйөөсү өлгөндөн 3 жылдан кийин өзүн өзү өлтүргөн (Москвадагы Флотская көчөсүндөгү 13-кабаттагы батиринин терезесинен боюн жерге таштаган).

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ерофеевдин китептери 30дан ашуун тилге которулган.

Ал тууралуу Павел Павликовский «Москва — Петушки» деп аталган даректүү тасма тарткан (1989—1991).

Жазуучу Венедикт Ерофеевдин «Москва-Петушки» чыгарасынын кейипкери чагылдырылган "Москва-Петушки" деп аталган айкел Орусиянын борбору Москва шаарындагы "Күрөш" ("Борьба") аянтындагы гүлбакчада орнотулган.

Владимир шаарындагы пединститутта Ерофеевге арналган эстелик такта орнотулган.

Кировск шаарындагы борбордук китепканада Ерофеевдин музейи бар.

Ырчы Игорь Евгеньевич Куприянов «Москва — Петушки» обондуу ырын аткарган («Маскөө үстүндөгү түтүн (Дым над Москвой)» альбому).

Ал тууралуу иликтөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Москва — Петушки» поэмасы тууралуу алгачкы иликтөөлөр бул чыгарма СССРде жарык көрө электе эле пайда болгон.

1981-жылы «Slavica Hierosolymitana» аттуу жыйнакта Борис Гаспаров менен Ирина Папернонун калемине таандык «Ордуңан тур да, жөнө» («Встань и иди») деген макала жарык көргөн.

Чет өлкөдө Светлана Гайсер-Шнитман айым «Венедикт Ерофеев. „Москва — Петушки“, же болбосо The Rest is Silence» деген аталыштагы доктордук диссертациясын коргогон.

Орусияда «Кайра куруулар» доорунда Ерофеевдин чыгармачылыгы ачык иликтене баштаган.

1989-жылы «Новый мир» журналына (№ 5) Андрей Леонидович Зорин «Алыскы аралыкка багыт алган шаар четинин поюзу» («Пригородный поезд дальнего следования») деген чакан макаласы жарык көргөн. Анда «чыгармачыл эркиндик жана адабий жүрүмдүн үзгүлтүсүз улантылышы» тууралуу сөз жүрөт.

«Москва — Петушки» поэмасын заманбап орус адабиятындагы пост-модернизм жана Михаил Михайлович Бахтин жазган маданияттын карнавалдык мүнөзү тууралуу идеяга байланыштырып иликтеп келишет.

Негизги чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Психопаттын жазгандары» («Записки психопата») (1956—1958, акыры 1995-жылы жарык көргөн).
  • «Москва — Петушки» (кара сөз түрүндөгү поэма, 1970; оболу Израилде 1973-жылы 300 нускада жарык көргөн, мурдагы СССРде — 1988—1989-жылдары жарыяланган).

СССРде кол менен же машинка менен көчүрүлүп («самиздат» ыкмасы менен) да таркатылган.

  • «Вальпурга түнү, же Командордун кадамдары» («Вальпургиева ночь, или Шаги Командора» (трагедия, оболу Париж шаарында 1985-жылы жарык көргөн, ал эми мурдагы СССРде 1989-жылы жарык көргөн).
  • «Василий Розанов эксцентриктин көзү менен» («Василий Розанов глазами эксцентрика» (эссе, 1973-жылы жазылган; мурдагы СССРде 1989-жылы жарыяланган).
  • «Менин чакан лениниадам» («Моя маленькая лениниана») (коллаж, оболу Парижде 1988-жылы жарык көргөн; Орусияда 1991-жылы жарыяланган).
  • «Пайдасыз кен» («Бесполезное ископаемое») (бул китеп жазуучунун чөнтөк дептериндеги жазмаларынан куралган).
  • 2005-жылы «Захаров» басмасы В. Ерофеевдин чөнтөк дептериндеги жазмаларды Владимир Муравьёв менен кичүү Венедикт Ерофеевдин редакциясы астында жарыялай баштады.

Жарыяланган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ерофеев В. В. Москва — Петушки. Поэма. — М.: Изд-во СП «Интербук», 1990. — 128 с. Тираж 200 000 экз.
  • Ерофеев В. В. Записки психопата. — М.: Вагриус, 1956—1958 гг. 2000. — 444 с.
  • Ерофеев В. В. Москва — Петушки. С комментариями Э. Власова. — М.: Вагриус, 2002. — 575 с. Тираж 3000 экз. ISBN 5-264-00198-7
  • Ерофеев В. В. Мой очень жизненный путь / Подгот. авторских текстов В. Муравьева. — М.: Вагриус, 2008. — 624 с. Тираж 5000 экз. ISBN 978-5-9697-0512-8
  • Ерофеев В. В. Москва — Петушки / Ответственный - Илл. В. Голубев. - СПб.: Вита Нова, 2011. – 520 стр. - ISBN 978-5-93898-351-9.
  • Ерофеев В. В. Москва — Петушки. Поэма. — М.: Захаров, 2007. — 144 с. Тираж 7 000 экз. ISBN 978-5-8159-0725-6
  • Ерофеев В. В. Малая проза. — М.: Захаров, 2005, — 96 с. Тираж 5 000 экз. ISBN 5-8159-0448-1
  • Ерофеев В. В. Вальпургиева ночь. — М.: Захаров, 2004, — 96 с. Тираж 5 000 экз. ISBN 5-8159-0416-3
  • Ерофеев В. В. Записки психопата. — М.: Захаров, 2004, — 272 с. Тираж 5 000 экз. ISBN 5-8159-0430-9
  • Ерофеев В. В. Записные книжки. — М.: Захаров, 2005, — 672 с. Тираж 5 000 экз. ISBN 5-8159-0555-0
  • Ерофеев В. В. Записные книжки. Книга вторая. М.: Захаров, 2007, — 480 с. Тираж 3 000 экз. ISBN 978-5-8159-0662-4.

Ал тууралуу адабиятка шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Муравьёв В. «Высоких зрелищ зритель» // Ерофеев В. В. Записки психопата. — М.: Вагриус, 2000. — С. 5—12.
  • Безелянский, Юрий Николаевич. Страсти по Луне: Книга эссе, зарисовок и фантазий. — М.: Радуга, 1999. — 368 с.
  • Венедикт Ерофеев, 26 октября 1938 года — 11 мая 1990 года // Театр. — 1991. — № 9. — С. 74—122.
  • Шмелькова Н. А. Последние дни Венедикта Ерофеева: Дневники. — М.: Вагриус, 2002. — 320 с.: фот.
  • Домашняя беседа. — 1864.
  • Зорин А. Пригородный поезд дальнего следования // Новый мир. — 1989. — № 5. — С. 256—258.
  • Гаспаров Б., Паперно И. «Встань и иди» // Slavica Hierosolymitana. — 1981. — Vol. V—VI — С. 387—400.
  • Бавин С. «Самовозрастающий Логос» (Венедикт Ерофеев): Библиогр. очерк. — М., 1995. — 45 с.
  • Седакова О. Венедикт Ерофеев Archived 2009-04-20 at the Wayback Machine // Ерофеев В. В. Мой очень жизненный путь. — М.: Вагриус, 2008. — С. 590—601.
  • Фрейдкин, Марк Иехиельевич. О Венедикте Ерофееве// Фрейдкин М. Каша из топора. М.: Время, 2009. — С. 294—318.
  • Tumanov, Vladimir. The End in V. Erofeev’s Moskva-Petuski. Russian Literature 39 (1996): 95—114.(жеткиликсиз шилтеме)
  • Шмелькова Н. Во чреве мачехи, или Жизнь — диктатура красного. — СПб.: Лимбус Пресс, 1999. — 304 с.
  • Благовещенский Н. По ту сторону Москвы — к Петушкам: Исследование поэмы В. Ерофеева «Москва — Петушки», её героя и автора с точки зрения различных глубинно-психологических подходов // Russian Imago 2001: Исследования по психоанализу культуры. — СПб.: Алетейя, 2002. — С. 428—454.
  • Благовещенский Н. А. Случай Вени Е.: Психоаналитическое исследование поэмы «Москва — Петушки». — СПб.: Гуманитарная академия, 2006. — 256 с. (рец.: Карелин В. Книги о психоанализе культуры, её психоаналитиках и пациентах // Новое литературное обозрение. — 2007. — № 85)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]