Жайнизмдин этикасы жана дини

Википедия дан
ЖАЙНИЗМДИН ЭТИКАСЫ ЖАНА ДИНИ‎»‎ барагынан багытталды)

Жайнизмдин этикасы жана дини - Этика жана дин жайнисттердин жүрүм-турумдарын жөнгө салышат.

Туура жүрүм-турум нравалык бийиктикке жетүүгө ж-а жанды материяга чырмаган сансарадан бошонууга жардам берет. Ж-дин этикалык концепциясы жайнисттердин жүрүм-турум эрежелерине “кыңк” этпестен баш ийүүнү талап кылган. Бул окууда инсанды этикалык тарбиялоо – аны болмуштун төмөнкү (материалдуу) сферасынан жогорку (рухий) сферасына өткөрүүнүн негизги фактору. Өзгөчө чымыркануунун натыйжасында гана кармадан кутулууга болот. Карманы жок кылуу узакка орозо кармоо, денедеги кумар азгырыктарын өлтүрүү, ыйык тексттерди окуп-үйрөнүү, жүрүм-турумдун өтө катуу тартиби, б. а. кечилдик жашоо өткөрүү м-н гана ишке ашат. Кечилдер тирүү жандыкты өлтүрүүгө, мүлк уурдоого, калп сүйлөөгө, уят иштерди жасоого ж-а мүлккө ээ болууга тыюу салган беш ант беришет. Ж-дин негизги этикалык принциби болуп ахимса – тирүү жандыктарга зыян келтирбөө, алардын убалына калбоо эсептелет. Ошондуктан, Ж-ге табынгандарга тамакка этти пайдаланууга тыюу салынган. Ал тургай курт-кумурскалардын өмүрү да кол тийгис болуп эсептелет – жайнист кечилдери араң эле байкалган куртту же чымын-чиркейди жутуп албоо үчүн ооздорун даки м-н таңып жүрүшөт. Ошондой эле максаттар үчүн ичүүчү сууну чыпкалашат. Курт-кумурскаларды басып өлтүрүп албоо үчүн колдоруна атайы шыпыргыларды алып жүрүшөт: алар алгач жолдорун шыпырып, тазалашат да, анан жолун улантышат. Эркин жайнисттерге дыйканчылык кылууга тыюу салынган, анткени мындай ишмердүүлүк өсүмдүктөрдү гана жок кылбастан, топуракта жашаган майда жандыктарды өлтүрүү м-н да тыгыз байланышкан. Кечил от жага албайт – себеби, ал отундун гана өмүрүн жок кылбастан, курчап турган абаны да өлтүрөт. Кечил отту өчүрө да албайт, анткени, отту өчүрүү м-н ал оттун өзүнүн өмүрүн да жок кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8