Жунусалиев, Малабай

Википедия дан
ЖУНУСАЛИЕВ Малабай‎»‎ барагынан багытталды)
Жунусалиев Малабай
Туулган датасы:

Май 9, 1927 ж.

Туулган жери:

Кыргыз ССР, Талас облусу, Токтогул району, Ничке-Сай айылы

Өлгөн датасы:

1995-жылдын 19-февралы (67 жашта)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан.

Сыйлыктары:

Март 1971-ж.: "Октябрь революциясы" ордени;
Март 1974-ж.: "Эмгек кызыл туусу" ордени;
Август 1946-ж. маарекелүү медаль: "1941-1945 жж. Улуу ата-мекендик согушта эрдик эмгек үчүн";
Февраль 1957: "Мыкты эмгек үчүн" медаль;
Март 1965-ж.: «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медаль;
Май 1970-ж.: "В.И. Лениндин төрөлгөнүнө 100 жыл"

Жунусалиев Малабай советтик мамлекеттик, саясий жана чарба ишмери. 1927-жылдын 9-майында Кыргыз ССРдин Талас облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылында төрөлгөн, 1995-жылы Бишкек шаарында көз жумган.

Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Нарын облустук комитетинин биринчи катчысы

(1970-1975), республиканын айыл чарбасынын ардактуу кызматкери.

Шайлануучу органдарга катышуу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1960-1976 - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин мүчөсү;
  • 1959-1975 - Кыргыз ССРдин  Жогорку Советинин депутаты;
  • 1974-1979 - СССРдин Жогорку Советинин депутаты.

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ничке-Сай (Кыргыз ССР, Талас облусу, Токтогул району) айылында төрөлгөн.

Карьерасын Токтогул районундагы Ничке-Сай айылынын Чоргочун кичүү орто мектебинде мугалим болуп баштаган.

  • 1948-1949 - Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Жалал-Абад облусундагы комитетинин инструктору;
  • 1949-1950 - "Большевиктик жол" регионалдык гезитинин аткаруучу катчысы;
  • 1950-1952 - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Үч-Терек райондук комитетинин катчысы
  • 1952-1954 - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Жалал-Абад облусундагы комитетинин Биринчи катчысынын жардамчысы;
  • 1954-1957 - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Жалал-Абад облусундагы комитетинин партиялык органдар бөлүмүнүн башчысы;
  • 1957-1961 - Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин биринчи катчысы;
  • 1961-1962 - Жумушчу эл депутаттарынын Фрунзе шаар кеңешинин Аткаруучу комитетинин төрагасы;
  • 1962-1966 - Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин административдик, соода жана каржы органдарынын бөлүм башчысы;
  • 1966-1969 - Кыргыз ССР борбордук статистика башкармалыгынын башчысы;
  • 1969 - 1970 - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Түп райондук комитетинин биринчи катчысы;
  • 1970-1975 - Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Нарын облусундагы комитетинин биринчи катчысы;
  • 1975-1979 – Кыргыз ССР министрлер кеңешинин мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары;
  • 1979 - жылдын февраль - Кыргыз ССРинин Ош облусунун ,Сузак районундагы ,Ленин атындагы колхоздун төрагасы, Согуш жана Эмгек ардагерлеринин областтык кеңешинин төрагасы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын областтык кеңешинин төрагасы.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Март 1971-ж.: "Октябрь революциясы" ордени;
  • Март 1974-ж.: "Эмгек кызыл туусу" ордени;
  • Август 1946-ж. маарекелүү медаль: "1941-1945 жж. Улуу ата-мекендик согушта эрдик эмгек үчүн";
  • Февраль 1957: "Мыкты эмгек үчүн" медаль;
  • Март 1965-ж.: «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медаль;
  • Май 1970-ж.: "В.И. Лениндин төрөлгөнүнө 100 жыл"

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия Б,2009