Жады (эстутум) (RAM)

Wikipedia дан

Жады (эстутум, тез эс, убактылуу эс)

(Random Access Memory (RAM)- Оперативная память). Тез эс интегралдык схем түрүндө уюшулат жана ал програм менен берилиштерди убактылуу сактоо үчүн иштелип чыккан. Эсте төмөнкү үч түрдөгү маалыматтар сакталат: (1) иштетүү системин жана компьютер жабдууларынын иштерин багыттаган програмдык жабдыктар; (2) учурда колдонулуп жаткан колдонмо програм; (3) колдонмо програм пайдаланып жаткан берилиштер. Эстин микросхемдери (чиптери) энелик тактага же ушул сыяктуу схемдик такталарга бекитилет. Тез эс энергияга көз каранды, анда сакталган програм жана берилиштер энергия өчкөндө өчүп калат. Ошол себептен кийин пайдаланууга керек болгон берилиштерди энергия өчүрүлгөнгү чейин тез эстен сырткы эске сактап коюу керек. Азыркы учурда жаңы типтеги тез эс катары флэш (flash) эси колдонулууда. Анын айырмасы энергия өчсө деле сактоо жөндөм-дүүлүгүн жоготпойт. Флэш эси көтөрүп жүрүүчү кичине компьютерлерде диск киргизгич түрүндөгү түзүлүш катары колдонулат. Бүгүнкү күндөрү көпчүлүк компьютерлерде тез эс катары SIMM (бир тараптуу эс модулу) же DIMM (эки тараптуу эс модулу) колдонулат. SIMM-бул кичине схемдик такта, анда көп микросхемдер тактанын бир жагында орнотулган. SIMM тактасынын жалпы көлөмү 1, 2, 4, 8, 16 МБ түзөт жана энелик тактада жайгашат. DIMM тактасы SIMM тактасына окшош, бирок анын микросхемдери тактанын эки тарабына орнотулат. Көп компьютерлердин өндүрүм-дүүлүгүн кэш эсти колдонуу менен жогорулатууга болот. Кэш эс адатта БП менен башкы тез эстин ортосуна орнотулуп, анда програм менен берилиштер сакталат. Процессор керектүү берилишти же програмдын буйругун адегенде кэш эстен издейт, эгерде алар кэш эсте жатса, анда процессор тиешелүү аракетти башкы эсте жаткандарга караганда тез аткарат. Кийинки жаңы микропроцессорлор эки деңгелдеги кэш эске ээ. Микропроцессордун микросхеминде орнотулган эс 1-деңгелдеги же ички кэш эс деп аталат, 2-деңгелдеги кэш эс БП нын бөлүгү болбостон энелик тактада орнотулат. Тез эс азыркы күндө көптөгөн слотторго ылайык жасалууда. Учурда эң көп DDRII же DDRIII стандарттар колдонулууда. DDRIII айырмасы, мурдагы чыгарылышына карганда тезирээк иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жалпысынан бул белгилөөлөр, энелик такта менен тез эстин байланышуу (туташуу) орду. Эч качан DDRII, DDRIIIтүн ордуна туура келбейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]